Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Иммунитет дипломатический
 

Иммунитет дипломатический

 
Дипломатиялык иммунитет

Иммунитет дипломатический

 
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ – дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иш-милдетин аткаруусуна тийиштүү деңгээлде шарт түзүп берүү максатында, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө, алардын башчылары менен кызматкерлерине иштеп жаткан өлкөдө өзгөчө укук менен артыкчылыктарды берүү. Д. и-тин юридикалык табияты бир эгемен мамлекет башка бирөөнүн бийлигине башийбегендигинде, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүк менен анын дипломатиялык жамааты мамлекеттин өзүн билдире тургандыгында турат. 1961-жылкы Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясына ылайык, Д. и. дипломатиялык өкүлчүлүк иммунитети, дипломатиялык жамаат жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн иммунитети болуп бөлүнөт. Биринчисине – дипломатиялык өкүлчүлүк имараттарынын колтийбестиги, мүлкү менен унаа каражаттарынын, кат-кабарларынын, архивинин иммунитети; салык иммунитети; өзүнүн борбору жана өз мамлекетинин дагы башка өкүлчүлүктөрү менен эч тоскоолдуксуз байланышуу укугу кирет. Жеке Д. и-ке – кертбашы менен туракжайынын колтийбестиги; өзү турган мамлекеттин кылмыш-жаза юрисдикциясынан, ошондой эле аткаруу аракетине карата жарандык жана административдик юрисдикциядан толук иммунитети; текшерүү (салык) иммунитети кирет. Дагы башка дипломатиялык өкүлчүлүк (административдик-техникалык жана тейлөө) жамааттары да азыноолак көлөмдөгү иммунитетке ээ.

Иммунитет дипломатический

 
дипломатиялык иммунитет


Хотите добавить свой перевод для слово: "Иммунитет дипломатический"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru