Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

идти

несов.
1. баруу, жүрүү, басуу;
идти вперёд
1) алга карай жүрүү, илгерилөө;
2) перен. жакшы болууга умтулуу; өсүү;
идти назад
1) артка карай жүрүү, артка чегинүү;
2) перен. кери кетүү, начарлоо;
идти впереди
1) алдыда жүрүү;
2) перен. башкаларга үлгү болуу;
он идёт в школу ал мектепке баратат;
он идёт из школы ал мектептен келатат;
идти садом бактын ичи менен басуу (жүрүү);
кто идёт? келаткан ким?;
он идёт быстро ал бат басат, ал бат жүрөт;
идти рядом катар жүрүү;
идти пешком жөө жүрүү;
идти в гости конокко баруу;
идти на врага душманга каршы баруу;
2. (двигаться, передвигаться) кыймылдоо, козголуу, бир орундан экинчи орунга жылуу;
поезд идёт быстро поезд тез жүрүп баратат;
лёд идёт по реке дарыяда муз агып жатат;
3. (отправляться) жөнөө, кетүү, чыгуу;
поезд идёт в пять часов поезд саат беште жөнөйт;
идти гулять сейилдикке чыгуу;
4. (приближаться) келүү;
весна идёт жаз келатат;
5. (выделяться, течь) агуу;
вода идёт по капле суу тамчылап агат;
из раны идёт кровь жарадан кан агат, 6. чыгуу;
из самовара идёт пар самовардан буу чыгып жатат;
дым идёт из трубы мордон түтүн чыгып жатат;
7. (вмещаться) батуу, кирүү;
пробка не идёт в горлышко бутылки тыгын бутылканын оозуна батпай койду;
8. (пролегать) кетүү, жатуу;
эта дорога идёт лёсом бул жол токой аралап кетет;
9. (о времени) өтүү;
дни идут своим чередом күндөр өз ирети менен өтүп жатат;
ему идёт второй год ал эки жашка карады;
10. (о механизмах) жүрүү; иштөө;
часы идут точно саат туура жүрөт;
11. (об осадках) жааш;
идёт снег кар жаап жатат;
вчера шёл дождь кечээ жамгыр жаады;
12. (происходить) болуп жатуу, жүрүп жатуу;
идут прения жарыш сөз жүрүп жатат;
бой идёт уже несколько часов уруш бир нече сааттан бери жүрүп жатат;
дела идут успешно иш жакшы жүрүп жатат;
сейчас идёт урок азыр сабак жүрүп жатат;
13. (поступать куда-л.) кирүү;
идти в военное училище согуштук окуу жайына кирүү;
он идёт в университет ал университетке кирет;
14. (находить сбыт) сатылуу, өтүү;
этот товар хорошо идёт бул товар жакшы өтөт;
15. (требоваться, употребляться) кетүү, жумшалуу, чыгуу;
на культуру риса идёт много воды шалыга суу көп керек;
на платье идёт три метра шёлка көйнөккө үч метр жибек кетет;
16. (доставляться откуда-л., куда-л.) келүү;
чай идёт с Кавказа чай Кавказдан келет;
посылка оттуда идёт шесть дней посылка андан алты күндө келет;
17. (передаваться) берилүү;
документ сначала идёт на подпись документ адегенде кол коюуга берилет;
его дело идёт в суд анын иши сотко берилет;
18. (в играх) жүрүү;
идти с двойки пик карганын экилигин жүрүү;
идти конём ат менен жүрүү;
19. (быть к лицу) жарашуу;
эта шляпа ей идёт бул шляпа ага жарашат;
20. болуу, коюлуу;
завтра в театре идёт "Иван Сусанин" эртең театрда "Иван Сусанин" коюлат;
этот кинофильм идёт уже три дня бул кинофильм үч күндөн бери жүрүп жатат;
идти на приманку
1) жемге баруу (мис. балык кайырмактагы жемге);
2) перен. бирөөнүн алдоосуна кирүү;
идти в счёт эсепке алынуу, эсепке кирүү;
это в счёт не идёт бул эсепке кирбейт;
дело идёт на лад иш оңунда; иш жакшы жүрүп жатат;
у меня не идёт с ума... ...менин оюман кетпей койду;
не идти на ум ойго келбөө;
куда ни шло! разг. кайдан чыкса, андан чыксын!;
идти на понижение төмөндөө, ылдыйлоо;
идти на убыль азаюу, кемүү, тартылуу;
идти ко дну чөгүп кетүү (мис. кеме);
сон не идёт уйку келбейт;
это ни с чем не идёт в сравнение муну эч нерсе менен салыштырууга болбойт;
идти на компромисс компромисске макул болуу;
идти на риск тобокелге салуу;
идти на всё эч нерседен тартынбоо;
идти в ногу с современностью азыркы заман менен тең катар жүрүү (азыркы турмуштан калышпоо);
дело идёт о жизни и смерти иш "же өлдүм, же калдым" жөнүндө болуп жатат;
разговор шёл о нём сөз ал жөнүндө болду;
идти на посадку ав. конууга бет алуу;
идти замуж күйөөгө баруу, эрге баруу;
дело идёт к концу иш аяктап келе жатат;
идти на вёслах калак менен айдап жүрүү (кайыкта);
идёт! разг. (ладно) макул!, болот!, жарайт!
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: