Меню
Эл-Сөздүк

Гражданское законодательство

Жарандык мыйзамдар

Гражданское законодательство

ЖАРАНДЫК МЫЙЗАМДАР – жарандык жүгүртүм катышуучуларынын укуктук статусун, менчик укуктары менен ж. б. мүлктүк укуктарынын келип чыгуу негиздерин, аны ишке ашыруу тартибин, келишимдик ж. б. милдеттенмелерди жөнгө салуучу интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына (интеллектуалдык менчикке) карата жекече укуктарды, ошондой эле башка мүлктүк жана анын катышуучуларынын теңчилик, жеке эрктик, мүлктүк өзалдынчалуулугуна негизделген мүлктүк эмес мамилелери менен байланышкан укуктарды аныктоочу ченемдердин жыйындысы. Ж. м. ишкердик жүргүзгөн, же алар менен катышы бар жактардын ортосундагы мамилелерди да жөнгө салат. Ж. м. КР Жарандык кодексинен жана КР Президентинин мыйзам ченемдүү актылары менен КР Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык жарандык мамилелерди жөнгө салуу үчүн чыгарылган башка мыйзамдардан турат. Башка мыйзамдар менен мыйзам актыларында камтылган жарандык мыйзам ченемдери КР Жарандык кодексинде шайкеш болууга тийиш. Министрликтер, ведомстволор ж. б. мамлекеттик органдардын да КР Жарандык кодекси менен мыйзамдарында ж. б. мыйзам актыларында каралган чекте жарандык мамилелерди жөнгө салуучу актыларды чыгарууга укугу бар.

Гражданское законодательство

жарандык мыйзамдар
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Гражданское законодательство

Русский Кыргызский
законодательство Мыйзамдар
Гражданское общество Жарандык коом
Лесное законодательство Токой мыйзамдары
Водное законодательство КР Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары
Земельное законодательство Жер мыйзамдары
РЕЛИГИИ И ГРАЖДАНСКОЕ ОБЩЕСТВО ДИНДЕР ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМ
Ислам, либерализм и гражданское общество Ислам, либерализм жана жарандык коом
Законодательство о государственной службе Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар
Законодательство о налоговых консультантов Салык консультанттары жөнүндө мыйзамдар
Либерализм, Гражданское общество и демократия Либерализм, жарандык коом жана демократия
Лесное законодательство Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары
Ислам, гражданское общество, и западный либерализм Ислам, жарандык коом жана батыш либерализми
Законодательство о хозяйственных товариществ и обществ Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар
Законодательство о гарантиях и свободе доступа к информации Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар
Гражданское общество означает общество, в отличие от государства. Жарандык коом мамлекеттен айырмаланып турган коом.
Действительно, неправильно понимает гражданское общество в целом. Ал чынында эле жарандык коомду таптакыр башкача түшүнөт.
Гражданское общество рыночное общество; но это не просто рыночное общество. Жарандык коом базар коому, бирок жөн гана базар коому эмес.
Основная позиция такова: Религия и гражданское общество не идут хорошо вместе. Анын баштапкы көз-карашы: дин менен жарандык коомду айкалыштыруу мүмкүн эмес.
Каких общества является «гражданское» общество, и что отличает его от общества? Эмесе, “жарандык” коом деген кандай коом жана ал кадимки коомдон эмнеси менен айырмаланып турат?
Гражданское общество-capitalism- бы выдержать лишь гетерономию в мире классового конфликта. Жарандык коом – капитализм класстык карама-каршылыктар жашаган дүйнөдө гетерономия шарты (саясий баш ийүү) болгондо гана жашап кете алат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: