Найдены по другим направлениям
-
Аффект
-
АФФЕКТ (лат. affectus – жаны ачуу, ачынуу) – катуу, терең кайгырууга байланыштуу сыртынан айкын көрүнүп, аңсезими тайыздап, өзүн-өзү көзөмөлдөөсү басаңдоо менен мүнөздөлгөн адамдын кыска убакыт ичинде кескин өзгөрүп, даана байкалган ал-абалы. А-тин эки түрү бар: физиологиялык жана патологиялык. Физиологиялык А. (жаалдануу, жинденүү, коркуу) психикасына өтө катуу таасир эткенине карабастан, адамды туйгу сезимден таптакыр ажыратпайт жана өз жүрүм-турумун көзөмөлдөп, ага карата жоопкерчилигин сезүүгө жөндөмдүү болот. Физиологиялык А. маалында кылмыш жасаган адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт, бирок айрым шарттарга байланыштуу жумшартылышы мүмкүн. Патологиялык А. аң-сезимге терең из калтыруу менен, күтүлбөгөн максатсыз жана өтө кооптуу аракеттерге (колсалууга) түртөт. Эгер коомчулукка коркунуч келтирген ишти патологиялык А. абалындагы адам жасагандыгы соттук-психиатриялык иликтөө тарабынан аныкталса, анда ал адам акыл-эси жайында эмес деп табылат.
Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Аффект