АЛИМЕНТ (лат. alimentum – азыктандыруу, багуу) – үйбүлөлүк укукта багуу каражаттары. Никелешүү, бала асырап алуу ж. б. алименттик мамилелердин негизи болуп саналат. Алимент алууга жашы жете элек балдар, айрым учурларда үйбүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү укуктуу.