Меню
Эл-Сөздүк

ук-

ук-, угат, уккан
угуп-билүү
угуп-көрүү

ук

ук I
то же, что нук;
жалгыз аяк жолдун угу след тропинки.
ук- II
слушать, внимать, слышать;
угуп отур сиди и слушай;
концерт ук- слушать концерт;
уктуңбу? ты слышал?
кулак укканды көз көрөт погов. что ухо слышит, то глаз увидит;
уккан кулакта айып (или жазык) жок погов. слышавшее ухо не виновато (как слышал, так и передал);
кулак укпай турган ушактар гнусные сплетни; гнусная клевета;
уккан сөзгө сөз кошулат, көргөн гана нерсенин өзүн ашырбай айт к слышанному слову слово прибавляется; ты расскажи, не преувеличивая, только то, что видел;
укканыңан уга элегиң көп того, что ты не слышал, больше того, что ты слышал (ещё не то услышишь);
жарым минутадан кийин акыркы кабарларды орус тилинде угуңуздар радио через полминуты слушайте последние известия на русском языке;
бул сөзүңдү ким уксун? бир караңгы түн уксун фольк. кто будет слушать эти (скверные) слова твои? пусть ночь тёмная слушает (а не я);
кулак угуп, көз көрбөгөн (такое) не слыхано и не видано;
биз айтпайлы да, сен укпагын не нам бы говорить, не тебе бы слушать (нам неприятно говорить, тебе неприятно слушать);
тил ук- выслушивать порицания, выслушивать брань.

ук

I нук менен бирдей.
УК II этиш. Тыңшоо, кулак салуу, эшитүү. Угамын элди коргоп келгендерден, Душманын тургузбаган мергендерден (Калык). Кедейлерим сөзүмдү ук, Өзгөрүштө ала чык! (Тоголок Молдо).
Тил угуу — жемеге калуу. Кээде сен үчүн мен да тил угам (Шүкүрбеков). Кулак угуп, көз көргүс — өтө алыс, адам барбаган. Кулак угуп, көз көргүс, Белге жумшап жатыптыр («Эр Төштүк»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: