Меню
Эл-Сөздүк

төрө

төрө I
1. (в эпосе) господин (эпитет властительного богатыря);
ошондо төрө муну айтат: "ой, чоролор!" деп, айтат фольк. тогда господин вот что говорит: "эй, витязи!" - говорит;
кыз кезимден бириккен, кыраан төрөм, сен элең фольк. ты мой славный господин, с которым я соединилась в своём девическом возрасте;
2. ист. господин (так киргизы называли всех царских чиновников);
төрө бала молодой господин, барич;
көпөлөкчү төрө сев. уст. господин бабочник (так киргизы называли работавших в поле энтомологов, которые ходили с сачками);
3. уст. бюрократ;
төрө пейил
1) с барскими замашками;
2) бюрократ;
төрө пейил жетекчи руководитель-бюрократ;
төрөлөрчө
1) по-барски;
2) бюрократически;
төрө боор (см. боор).
төрө- II
(о женщине) родить;
эр төрөгөн эл өлбөйт погов. народ, родивший героя, не умрёт;
катыны эркек төрөгөндөй он вне себя от радости (букв. будто его жена родила мальчика).

төрө

төрө (улук)
төрө боор
төрө кыял
төрө пейил
төрө пейилдик
төрө сымак

төрө-

төрө-

төрө

Iзат. 1. Колунда бийлиги бар ак сөөк адам, кадырлуу мырза, башкалар анын сөзүнө баш ийген кадырман, баатыр. Төрө Манас баатырдын Балбандыгы эмей неткени («Манас»). Эр Табылды төрөбүз, Оозуңдаң чыккан сөзүңдү Нур жаагандай көрөбүз («Эр Табылды»).
2. тар. Чиновник, господин. Большевик туу көтөрдү ай ааламга, Падыша, төрөлөрү кетти качып (Тоголок Молдо). Атыңды токой төрө минип жүрүп, Жоор кылып акырында өлтүрүптүр (Үмөталиев). Төрөнү төрө дебесмин, Төбөмдөн басып урса да (Токтогул). Жетилбей селки жем болуп Бай, манап, төрө-кузгунга (Нуркамал).
3. өт. Эң мыктысы, кадырлуусу. Ургаачынын төрөсү, Тогуз уулдун энеси («Эр Төштүк»). Куш төрөсү буудайык (Барпы).
ТӨРӨ II этиш. Боюнан бошонуу, бала көрүү. Оморду да өзүндөй эле эне төрөгөн (Сыдыкбеков). Эр төрөгөн эне өлбөйт (макал). Жаш төрөгөн аял. Экини төрөгөн аял.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: