-
топ
-
топ I
мяч;
резинке топ резиновый мяч;
топ ойно- играть в мяч;
футбол тобу футбольный мяч;
топ теп- играть в футбол (букв. бить мяч ногой);
топ тепкендей, ортого алып, тепкилешти его били смертным боем (букв. били ногами так, как бьют футбольный мяч).
топ II
пушка;
топ ат- стрелять из пушки.
топ III
выжимки, остающиеся в цедилке при процеживании бузы;
жегеним томук-топ болуп, үстүндө жаттым куурдун фольк. ел я кости-выжимки, спал я на старой овчине (т.е. жил я в нужде и мучениях).
топ IV
1. группа;
лекторлор тобу лекторская группа;
жолдошторунун бир тобу группа (его, её) товарищей;
топ жылдыз созвездие, группа звёзд;
ит жыйыны топ болбойт погов. собачье сборище не образует (согласной) группы;
топ-тобу менен группами;
бир топ изрядно, довольно много;
бир топ акча изрядная сумма денег;
бир топ күнү значительное время; много времени;
бир топтон кийин через некоторый промежуток времени;
ал менден бир топ улуу да, чоң да он значительно старше и больше меня;
бир топ ары барганымда когда я уже прошёл много дальше;
бир топ сөз болуп өтсө керек говорилось, нужно полагать, много;
бир топ өсүп калды он сильно вырос;
жоон топ значительное количество; много;
кабинетте жоон топ адамдар отурушкан в кабинете сидело много людей;
жоон топ мал большое количество скота;
хандын короосунда жоон топ каз бар эле (из сказки) в ханском дворе было много гусей;
ага жоон топ акча бердим я ему дал большую сумму денег;
"бери чык!" деп, бир топ кыйкырды он долго кричал, мол, выходи сюда;
2. кусок, штука (материи);
бир топ нооту штука сукна;
3. ист. совокупность всех подчинённых главному манапу (чоң манап) киргизских родов;
4. южн. ист. самая мелкая родовая единица (мужкое поколение одного предка в седьмом колене);
5. своя среда, родные и друзья, близкие;
бардык шорум күбүлүп, башымды коштум тобума фольк. все беды мои прошли (букв. осыпались), и я соединился со своими близкими;
6. ист. съезд волостных управителей, манапов, биев и аульных старшин (для решения спорных межродовых и межволостных вопросов); (в эпосе) совещание старшин племён;
тогуз болуштун тобу болуп калды состоялся съезд восьми волостей;
топко сал- ставить на рассмотрение съезда;
сыяз курган топ болсо, бийлер чыгар шаңданып стих. если устраивается съезд родов, являются важные бии;
улук жыйын топ болуп, укса канбас кеп болуп фольк. был великий сбор, большое совещание, говорились речи, которых заслушаешься (так они мудры);
тоюңа тозок салармын, тобуңду чаап алармын фольк. я учиню разгром твоему пиру, я порублю твой большой сбор;
топ башы человек, играющий руководящую роль в обществе;
топтун башынан карап турган он управлял родами, он был у власти (как чин местной администрации);
"балам бар" деп, мактанба, топто бирөө жок болсо погов. не хвались, что у тебя дети, если ни один из них не участвует на сходе;
топтун деле кишиси эмес он по общественному положению ничего не значит, никакого веса не имеет;
тобун бузбай целиком, всех до одного;
толгон торпок-таналар, тобун бузбай, ала бар стих. большое число телят-тёлок гони (туда), гони всех до одного;
тобун чечип выделив часть, не всех;
Көкөтөйдүн сан кара, тобун чечип айдады фольк. выделил часть из несметного числа рогатого скота Кокетея и погнал;
топ бузар или топ бузуучу или топ жарган знаменитый, выдающийся;
топ бузган жорго знаменитый иноходец;
топ жарган акын знаменитый акын.
топ V
звукоподражание глухому стуку;
топ этип, бышкан жемиш жерге түшөт стих. спелые плоды шлёпаются на землю;
атынан топ этип түштү он соскочил с коня (топнув о землю ногами);
жыгаччы керкисин топ-топ шилтеп плотник топориком тяп-тяп;
ок кабылган душмандар түтүндөн мурун топ эткен фольк. попадавшие под пули враги шлёпались до появления дыма (из дула).
топ VI
усиление к словам, начинающимся на то;
топтолук совершенно полный;
топтолтура (см. толтур-).
-
топ
-
II зат. Бозону сүзүп алгандан кийинки калган шак. Ачыган шактын, көңсүгөн топтун жыты каңырсып, түз эле каңылжарга урат (Касымбеков).
ТОП III зат. 1. Адамдардын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн жана башка ар түрдүү нерселердин бири-бирине жакын же чогуу турган жыйындысы, группа. Өйүздөн ат койгондо калдайган топ, Солдаттар жалгыз ок да чыгарган жок (Аалы). Үркөр, үркөр, топ жылдыз, Үркүп кайда барасың (Тоголок Молдо).
2. Такталап түрүлгөн кездеменин түрмөгү. Эки топ кездеме. Бир топ нооту.
3. тар. Жыйын, чогулуш, кеңешме. Балам бар деп мактанба, топто бирөө жок болсо (макал). Күндө жыйын, күндө топ кыла берип элинин кулагы сөздөн жадаган окшобойбу (Убукеев).
♦Топ таш — майда таштарды калчан ойноочу оюн. Бир топ — бир кыйла, бир далай. Током адатынча бир топ куудул сөздөрдү айтты (Бөкөнбаев). Апасы бир топко чейин ойлонуп олтурду (Каимов). Тор-Айгыр менен Чылмайран, Бир топ жер эле арасы («Олжобай менен Кишимжан»). Жоон топ — бир далай санда, бир канча, бир кыйла көп. Тентек кыздын колтугунда бүктөп-бүктөп кысып алган жоон топ газета бар (Сыдыкбеков).
ТОП IV туур. Бир нерсеге тийгенде же урунганда дабыш таралбай чыккан үндү билдирүү үчүн колдонулат. Күзүндө чыныдай апорттор топ-топ түшүп турбаса мага кел (Сыдыкбеков). Ак боз ат, ээси топ этип түшөр менен, жалт берип жөнөдү (Сасыкбаев).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
RU
Похожие слова на других языках:
RU
- ТОП (ru-ru)
- ТОПА (ru-ru)
- топаз (ru-kg)
- ТОПАЗ (ru-ru)
- топазовый (ru-kg)
- топанье (ru-kg)
- топать (ru-kg)
- ТОПАТЬ (ru-ru)
- ТОПЕНАНТ (ru-ru)
- ТОПЕРЕ (ru-ru)
- Топи (ru-kg)
- ТОПИТЬ (ru-ru)
- топить (ru-kg)
- топиться (ru-kg)
- ТОПИЧЕСКИЙ (ru-ru)
- топка (ru-kg)
- ТОПКИ (ru-ru)
- ТОПКИЙ (ru-ru)
- топкий (ru-kg)
- топление (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
топ