Меню
Эл-Сөздүк

бал

бал I
1. мёд;
балдай ширин сладкий как мёд;
бал челек см. челек I 3;
бал челекчи см. челекчи 2;
2. фольк. мёд (спиртной напиток), медовая брага, медовое пиво;
бал ачыт- варить мёд;
бал кайнат-
1) хорошо уварить (пищу);
2) то же, что бал ачыт-;
жылкы сүтүн кымыз кылып, кээде бал кайнатып ичкен (киргизы) из конского молока делали кумыс, иногда варили мёд и пили;
кеби ширин, сөзү бал фольк. у неё слова сладкие, речи медовые;
сүйлөсө тилинен бал тамат когда он говорит, с его языка мёд каплет;
бал тилге сал- или бал тилин сал- говорить медоточивые речи;
бал айы см. ай 1.
бал II
ар.
ворожба, гадание;
бал ач- ворожить, гадать;
бал ачтыр- заставить поворожить, заставить погадать;
бал китеп гадальная книга.
бал III
ир.
гряда, окаймляющая четырёхугольники, на которые делится рисовое или люцерновое поле.
бал IV
бал-бал жан- или бал-бал күй-
1) ярко гореть, гореть пламенем, вспыхивая;
маяктар бал-бал күйгөн маяки ярко горели;
2) перен. гореть, сверкать;
көзүң бал-бал жанат глаза твои приятно сверкают;
көзү бал-бал жанган бир келин кирип келди вошла молодуха, поблёскивая своими красивыми глазами.
бал V
бал (вечер с танцами).

БАЛ

БАЛ — «Манас» эпосу боюнча дарылык касиети бар жана жөн эле тамак катары колдонулган саргыч түстөгү коюу ширелүү, таттуу азык. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас душман тарабынан ууланганда, уусун жандыра турган дары катары Б. колдонулат. Ууланган Манас бир топ күн жатып калат. Каракожо аттуу адам Манаска күнүгө чаарчыктын этин бышырып, бал менен берип сакайтат. Радлов жазып алган варианты боюнча Б. кымыз менен да берилгени айтылат:
Байтал бээлен бал кымыс
Бал чайкатып алыңар!
Чыңгырлуу кесе чыны айак
Чырмалтып айак сунуңар (Радлов жазып алган вариант. 84).

Б-дын «Манас» эпосунун алгачкы версияларында кездешкени бул азыктын кыргыздарга бир топ кылым мурун эле белгилүү болгондугун көрсөтүп турат.

бал

I. (кече) ball II. [боол]

бал

II. honey [‘хани]

бал

бал (аарынын балы)
бал бөбөк
бал каймак
бал камыш
бал кымыз
бал муздак (мороженое)
бал тил
бал челек
бал челекчи
бал челекчилик

бал

бал (төлгө) (сүйл.)
бал ач-
бал китеп

бал

бал (оюн-шоок)

бал

бал: бал-бал (туур.)

бал

I зат. 1. Гүлдөрдүн ширесинен аарылар аркылуу иштелип чыккан коюу, таттуу суюктук. Аары багып көбөйтүп, Гүл сордуруп бал алган (Токтогул).
  1. 2.                  өт. Ширин, уккулуктуу, жагымдуу (сөз, тил жөнүндө). Тили бал. Бал сөздөрүңдү сагындым («Чалкан»).

Бал челек к. челек.
БАЛ II зат. Шалы эгүү, пияз, сабиз сыяктуу өсүмдүктөрдү өндүрүү үчүн суу токтотууга, суу жаюуга ылайыктап, тегерете кырдалган жал; чарчы-чарчы тилкелер. Эки бал пияз. Бал көтөрүп шалы эгүү.
БАЛ III зат. Салтанаттуу күндөрдө бий менен боло турган чоң оюн-зоок кечеси.
БАЛ IV: бал-бал жануу — балбылдоо, жалындоо, нурдануу. Чолпонуң, жылдыздарың бал-бал жанып, Төбөңдө айың тийип сүттөй жарык (Нуркамал). Нурга баткан Октябрдын айылы, Балбал жанып тоого тийген жарыгы (Маликов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: