Меню
Эл-Сөздүк

өл

өл (ным)
өл тери

өл-

өл- (өлүү)
өл алуу (өзөк жалгоо)
өлбө жаным, өлбө деп
өлбөгөн жерде калуу
өлбөгөн төрт шыйрагы
калуу
өлгөн-житкен
өлгөн-талганда
өлгөндү күлдүргөн
өлгөндүн үстүнө көмгөн
кылуу
өлдүм-талдым дегенде
өлмө өзөк
өлмөктөн доңуз кал
өлө албай жүрүп, өлөң айтуу
өлө жатканы
өлө-тала
өлө-тириле
өлсө бир чуңкурда, тирүү болсо бир дөбөдө болуу
өлсөм сөөгүм ыраазы
өлтүрүп-житирип
өлүп-талып

өл

I сын. Чийки, суу, ным, иштетилбеген, ийленбеген (тери жөнүндө). Өл тери.
ӨЛ II этиш. 1. Жашоосу токтолуу, каза болуу, көзү өтүү, жок болуу, дүйнөдөн кайтуу. Тирүүмдө атагым кандай болсо, Өлгөндө атагым ошондой болсун (Аалы). Кол куушуруп баш ийбей, Койгулашып өлөбүз! («Манас»).
2. өт. Катуу уят болуу, сөзгө сынуу. Жакының болсо ичкичтен, Уялып элден өлөсүң (Шүкүрбеков).
3. өт. Пайдасы жок болуп өтүү, куру бекерге кетүү, бошко кетүү, сая кетүү. Бүгүнкү күнүм бөөдө өлдү.
Өлөр-тирилерине карабоо — абдан катуу жүрүү, жан аябастан, тартынбай киришүү. Өлдүм-талдым дегенде, өлө-тала же өлгөн-талганда — араңдан зорго, абдан чарчап, зор кыйынчылык менен, араң-араң. Өлбөгөн жерде калуу — аябай кармашуу, аябай тырышып жемин жедирбөө, абдан айыгышуу. Өлбөстүн күнүн көрүү — эптеп-септеп оокат кылуу, жашоо.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: