Menu
Эл-Сөздүк

Өндүрүштүн ажырымы же ички дүң өнүмдөгү

ИДӨнүн потенциалдуу мүмкүн болуучу жана айкын көлөмүнүн ортосундагы айырма. Өндүрүштөгү үзгүлтүк экономиканын активдешүүсүнүн же стагнация абалынын индикатору катары кызмат кыла алат. Эгерде, айкын ИДӨ (Y < Y*) потенциалдуу ИДӨдөн төмөн болсо (Y < Y*), анда экономикада “рецессиондук ажырым” деп аталган жагдай орун алган катары эсептелинип, ал дефляциялык процесстердин мүмкүндүгүн тастыктайт жана тескерисинче, айкын ИДӨ потенциалдуу ИДӨдөн жогору болсо (Y > Y*), анда чогуу алгандагы талаптын өсүшү, чогуу алгандагы сунуштун өсүшүнөн артат, бул инфляциялык басымдын күчөшүнө түрткү берет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: