Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: суралуучу каралан-
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - туура
 

туура-

 
туура- (кишини)

туура-

 
туура- (этти)

туура

 
туура (туурасы, эни),
туурасы

туура

 
туура (такт.)

туура

 
I зат. 1. Бир нерсенин эни, эки капталынын аралыгы, жазылыгы. Туурасына көз жетпес, Бет алдында чоң мунар, Эми көзгө көрүнөт («Эр Төштүк»). Туурасы жоон — бою пас, Дулдугуй беттүү, өңү саз («Манас»).
2. Узунунан эмес, көлдөлөңүнөн. Атка туура өңөрүп алышып, чаап жүрүп калышты (Жантөшев). Алдына туура асынган, Автоматчан бир бөлөк (Бөкөнбаев).
3. Каптал тарап, эки жагы. Туурадан шабыр-шубур табыш чыкты (Сыдыкбеков). Туура жагын караса, Бир бөлүгү жылкынын, Чыйырчыктай карала («Манас»).
ТУУРА II сын. 1. Жалган эмес, чын; чындыкка негизделген, чындыкты көрсөткөн. Корчунун [инилерин] билдиргендер «кишиге зыяндары жок, туура сөздүү деше турган (Аалы). Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, Биз элбиз, биз кишибизсени менен (Осмонов).
2. Чынчыл, калыс, түз, эч тарапка кошулбаган. Туура бийде тууган жок, Туугандуу бийде ыйман жок (макал).
3. Жаңылыш эмес, ката эмес. Сынай бил адам уулун туура баалап (Осмонов). Сөзүң чын, Жолуң туура, молсуң, кеңсиң, Шертиң ак, ошондуктан ыйык элсиң (Осмонов).
4. Ылайык, ылайыктуу, төп. Эл Алымкулдун сөзүн туура табышты (Абдукаримов). Таалайыңа жалгызым, Талабың туура туш болсун («Курманбек»).
5. Дал, нагыз. Нурийла Абылдан туура үч жаш кичүү (Таштемиров).
ТУУРА III этиш. Кандайдыр бир кыймыл-аракетке, сүйлөгөнүнө ж. б. окшоштура кыймыл-аракет жасоо, сүйлөө ж. б. [Токтогулдун] элпек көмөкөйүда канаттуулардын түркүн тилдүү, шыңгыр дабыштарын туурап, кайталоо менен алектенди (Аалы). Дайым чоң энесин-туурап сүйлөгөн Динар кишилер күлгөнгө бир аз кызарып, кошо күлдү (Сыдыкбеков).
ТУУРА IV этиш. Майдалап кесүү, майдалап бөлчөктөө, кырчып кесүү. Эт майда тууралган экен. Жылдызкан заматтын ортосунда пияз, сабиз тазалап, аарчып, туурап жиберди (Байтемиров). — Чайыңа нандан туурап алгын, Алым (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотуура
Множ. числотууралар
Склонение по падежам - "туура"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?туура
Родительный Чей?тууранын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?туурага
Винительный Кого?, Что?туураны
Местный Где?, У кого?туурада
Исходный Где?, У кого?туурадан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?тууралар
Родительный Чьи?тууралардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?туураларга
Винительный Кого?, Что?туураларды
Местный Где?, У кого?туураларда
Исходный Откуда?, От кого?тууралардан

Найти все переводы слова "туура" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "туура"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru