-
тузак
-
зат. 1. Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. [Каныбек] күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев).
2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).
♦Таман тузак — 1) жылкынын бутуна сала коюп кармоо үчүн жасалган сыйыртмак. Тартылбайбы айласыз Таман тузак арканга (Тоголок Молдо). 2) өт. бирөөгө кылган кастык, душмандык аракет, амал. Билсең, бул, бизге коюлган таман тузак [деди Айгүл]. Же бир шумдук үчүн таман тузак тартып жатабы? (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | тузак |
Көптүк сан | тузактар |
Жөндөлүшү - "тузак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | тузак |
Илик Кимдин? Эмненин? | тузактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | тузакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | тузакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | тузакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | тузактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | тузактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | тузактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | тузактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | тузактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | тузактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | тузактардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
тузак