|
оюн
|
|
зат. 1. Кандайдыр бир көңүлдү өзүнө тартып кызыктыруучу нерселер,, ж.б. менен алагды болуучулук, көңүл: ачуу; зоок, шоок. Курушту кызык оюнду, Шаңдуу ойноп күлгөнү (Осмонкул). Оюн-тамаша кызыгандан кызый берди (Убукеев).
- 2. Белгилүү эрежелери, ыктары бар, бош убактарда спорттук мелдештерде, салтанаттуу учурларда ж.б. аткарылуучу спорттун түрлөрү, элдик Тамашалар. Футбол оюну. Спорттук оюндар. Эр оодарыш — элдик оюн.
- 3. Тамаша, чын эмес, тамашалагандык. Оюнуңбу, чыныңбы? Оюн-чындан билдирүү.
♦ Кыз оюн к. кыз. Оюн салуу — ойноп, ойноктоп кетүү, ары-бери чуркоо, дан салуу. Белесте оюн салып кулундары, Куушуп жонго чыгат кунандары (Маликов).
|