Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Чечим (соттук)

ЧЕЧИМ (соттук) – сот иши негизинен чечиле турган баштапкы сот баскычынын сот актысы. Ч. мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш. Сот кеңешинин сырын сактоо менен кеңешме бөлмөсүндө сот тарабынан чыгарылат. Ч. төрагалык кылуучу же соттордун бири тарабынан жазуу жүзүндө толтурулат. Ал кириш, баяндоо, жүйөлөштүрүү жана жыйынтык бөлүгүнөн турат. Эгер ал кайра даттанылбаса, апелляциялык даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин, Ч. мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык даттануу берилген учурларда, эгер ал жокко чыгарылбаган болсо, ишти жогорку баскычтагы соттун кароосу боюнча Ч. мыйзамдуу күчүнө кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: