Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Тынч калк

ТЫНЧ КАЛК – согушуп жаткан мамлекеттердин аймагында турушкан, бирок комбатанттардын курамына кирбеген, б. а. согушуп жаткан тараптардын эч кимисинин туруктуу куралдуу күчтөрүндө кызмат кылбаган жана түздөнтүз согуштук аракеттерге катышпаган адамдар. Т. к-тын укуктары менен кызыкчылыктары эларалык укук ченемдеринде, айрым алганда, 1899 жана 1907-жылкы жөө согуш мыйзамдары жана салттары жөнүндөгү Гаага конвенциясында, 1949-жылкы согуш мезгилинде жарандык калкты коргоо жөнүндөгү Женева конвенциясында, 1949-жылкы Женева конвенциясына карата 1977-жылы кабыл алынган I жана II Кошумча протоколдордо камтылган ченемдер менен корголот. Алардын жалпы максаты – Т. к-тын расалык, улуттук таандыктыгына, диний же саясий ынанымдарына байланыштуу эч кандай басмырлоого жол бербөө, согуштан улам болгон азаптарды азайтуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: