Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Товар чыккан өлкө

ТОВАР ЧЫККАН ӨЛКӨ – КР мыйзамдары боюнча, товар толук жасалып чыгарылган же болбосо мыйзамда белгиленген негиздерге ылайык даражада кайра иштетилген өлкө. Ошол эле учурда, Т. ч. ө. катары өлкөлөрдүн тобу, эгер товардын чыккан жерин аныктоо үчүн аларды бөлүүнүн зарылдыгы болсо, алардын бажы бирлиги эсептелиши мүмкүн. Т. ч. ө-нү аныктоо иши КР бажы аймагына товар алып келүүнү жана бул аймактан товар алып чыгууну жөнгө салуу максатында тарифтик жана тарифтик эмес чараларды көрүү үчүн жүргүзүлөт. Т. ч. ө-нү аныктоонун тартиби КР Өкмөтү тарабынан мыйзам жоболорунун негизинде белгиленет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: