-
МАЗАР
-
МАЗАР (арабча товаф — табынуу, сыйынуу) — дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак жана башкалар). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт. «Манас» варианттарынан (Радлов жазып алган вариант, Сагымбай Орозбаковдун варианты) баласыз кыргыздар М-га, куттуу жыгачка жана ата-бабалардын күмбөзүнө барып бала тилеп сыйынганын көрөбүз. Радлов жазып алган вариант боюнча Жакып аялы Чыйырдыны:
Бул Чыйырдыны алганы
Жайы, кышы он төрт жыл
Бул мазардуу жерге сыйынбайт,
Бу алмалуу жерге оонабайт,
Бу арашандуу жерге түнөбөйт (Радлов жазып алган вариант, 12),— деп арман кылат. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып М-га барып «Мойнуна куржун салынып, Мазарды көрсө бай Жакып, Бакырып ыйлап жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 46) жер, сууга сыйынгандан кийин гана Чыйырдынын боюна бүтөт. Демек, М-га, жер, сууга сыйынуу, жердин, суунун ээси бар деген шамандык түшүнүк менен байланышкан.
Кыргыздар балалуу болбосо М-га гана эмес, арашандуу жерге барып, суу боюндагы жыгачтын жанына мал союп түлөө кылып, кудайдан бала тилегени белгилүү. Жер, сууга, жыгачка сыйынуу «Манас» эпосунда гана эмес башка элдердин да эпосторунда кездешкен, байыркы убактардан бери келаткан расмий экендиги байкалат. Жакыптын «мазарлуу жерге барып, Чыйырды сыйынбайт» дегени куттуу жыгачка ишенген шаманчыл якуттардын куттуу жыгач түбүндө кылган шамандык эм-домунан эч айырмаланбайт, ага жакындайт. Баласы жок -аялдын жер, сууга тайынганы 10-кылымдагы «Коркуд Ата» эпосунда да кездешет. Эпостогу жомоктордун биринде баласы жок аял бала бер деп жер, сууга арнап суу чачат («Коркуд Ата», Баку, 1950, 115-б.). Башка диний түшүнүктөр сыяктуу эле ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу мотиви «Семетей» эпосунда да сакталган. «Ак күмбөз тайып келүүгө Атасы Манас арбагы Акбоз бээ атап берүүгө (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 287) барган учурда Семетей баатыр кайып болгон же өлүмгө учураган. Кыскасы, М-ларга же ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу байыркы доорлордон бери келген ата-бабалардын арбагын сыйлоо расмиси болуп саналат.
С. Алиев
Найдены по другим направлениям
-
Мазар
-
Мазар – (ар. товаф – табынуу, сыйынуу) – дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак ж.б.). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт (Манас энциклопедиясы, 2-т. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. «Мурас» илимий пропагандалык ишкер долбоору, 1995. 389-б.).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
МАЗАР