Меню
Эл-Сөздүк

Жүгүртүм жөндөмдүүлүгү

ЖҮГҮРТҮМ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ – жарандык укук обьектилеринин касиети; эгер алар мыйзамдарга ылайык жарандык жүгүртүмдөн алынып салынбаса же жарандык жүгүртүмдө чектелбесе, универсалдуу мурастоо тартибинде (мураска калтыруу, юридикалык жактарды кайра түзүү) эркин ажыратылат же бир жактан бир жакка өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жүгүртүүдө турууга жол берилбеген жарандык укук обьектилеринин түрлөрү (жүгүртүүдөн чыгарылып салынган обьектилер) мыйзамда так көрсөтүлүүгө тийиш. Жүгүртүүнүн айрым бөлүктөрүнө гана тийиштүү болгон же болбосо жүгүртүүдө турууга атайын улуксат боюнча гана жол бериле турган жарандык укук объектилеринин түрлөрү (чектелген жөндөмдөгү объектилер) мыйзамда каралган тартипте аныкталат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: