Меню
Эл-Сөздүк

Жубайлардын биргелешкен менчиги

ЖУБАЙЛАРДЫН БИРГЕЛЕШКЕН МЕНЧИГИ – жубайлар тарабынан никеде турган мезгил ичинде жыйналган мүлк. Ж. б. м-не төмөндөгүлөр кирет: жубайлардын арбиринин эмгектик иш-аракетинен, ишмердик иш-аракетинен алган, интеллектуалдык ишмердигинин натыйжасында түшкөн кирешелери, алар алган бааракы, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максатка багытталбаган башка төлөмдөр (материалдык жардам суммалары, майып болуунун же денсоолугуна башкача залал келүүнүн натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкондугуна байланыштуу келген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн кошунду д. у. с.). Ошондой эле, алардын жалпы кирешелерине сатылып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, аманат, салымдар, кредиттик же башка коммерциялык уюмдардын капиталына салынган үлүштөр, жубайлар никеде турган мезгилде жыйнаган аргандай башка мүлктөр Ж. б. м. болуп саналат, мында жубайлардын кимисинин атына алынгандыгы, кимисинин атынан салынгандыгы эсепке алынбайт. Никеде турган мезгилде үй чарбачылыгын жүргүзгөн, балдарды карап-баккан же болбосо башка жүйөлүү себептер менен өзалдынча киреше албаган жубайдын да Ж. б. м-не укугу бар. Ж. б. м-не ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө алардын өзара макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат. Жубайлардын бири Ж. б. м-н тескөө боюнча бүтүм түзүлгөндө ал башка жубайдын макулдугу менен жүргүзүп жатат деп эсептелинет. Ж. б. м. тескөө боюнча жубайлардын бири тарабынан түзүлгөн бүтүм башка жубайдын макулдугу болгон эмес деген жүйө менен сот аркылуу жараксыз деп табылышы мүмкүн, мында башка жубай бул тууралуу талап коюшу керек жана бүтүмдүн экинчи тарабы башка жубайдын ушул бүтүмдү түзүүгө макулдугу жок экендиги тууралуу билгендигин же билүүгө тийиш экендигин далилдөө зарыл.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: