«Алган жарым Көксулуу, Алдын карап жүк жыйдың, Артын карап үй тиктиң» (Жеңижок). Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк, жаздык. Жүк жыюу мурун негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу кара терме, кажары терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем же таар же сайма жабат. Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз-келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн. ЖҮН — «жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, сен элең го бир кезекте эзилген» (Жусуп). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук, саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук, бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз, ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат. Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар. Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл чык жүн өтүмдүү болот.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ЖҮК
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
0Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 5 - 5? Ответ:
Отправить
ЖҮК – жүк ташуу тартиби боюнча ташып берүүчү тарабынан кабыл алынып, КР мыйзамдарында каралгандай өз маалында, чыпчыргасын коротпостон жеткирүү милдетин ташып берүүчү тарап алган жүк ташуу объектиси (буюмдар, баалуу заттар, кенбайлыктар, товарлар ж. б.).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Жүк
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
17Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 + 8? Ответ:
Отправить
зат.. 1. Ташыла турган, бир жерден экинчи жерге жеткириле турган нерселер, буюмдар, таңылчактар. Чоко жүгүн артып жөнөп калды(Жантөшев).Кээ бир вагондордон жүк көтөргөн кишилер да түшө баштады(Абдукаримов)). Жеринен оогон жүктү жолдон оңой албайт (макал)). Жүктү нар көтөрөт, азапты эр көтөрөт(макал).
2. Оордук, түйшүк, мээнет.Мага жүгүңдү артпай, өзүңчө оокатыңды кылсаң боло («Чалкан»)). Ата-энесине жүк болбой, кайра аларды бага турган маалы келди, эми алардын жүгүн жеңилдетүүнү да ойго алсын(«Ала-Тоо»).
3. Үйдүн ичинде түрмөктөлүп, биринин үстүнө бири коюлган жууркан-төшөк. Анархан жүктүн бурчунда жаткан куржунга кол сала баштады (Жантөшев).
¨ Кызылжүк — колхоз-совхоздор мамлекетке дан тапшырганда аштык жүктөлгөн ар кандай унаалардын тобу. Кызыл жүк кетти чиркешип, Заводду көздөй баштанып (Бөкөнбаев). Ашкажүк,башкажүк — эч пайдасы жок, колунан эчтеме келбеген, эчтеме таба албаган, аяк бошотор.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как жүк
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 3 - 2? Ответ:
Отправить