Меню
Эл-Сөздүк

ЖҮК

«Алган жарым Көксулуу, Алдын карап жүк жыйдың, Артын карап үй тиктиң» (Жеңижок). Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк, жаздык. Жүк жыюу мурун негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу кара терме, кажары терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем же таар же сайма жабат.
      Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз-келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн.
       ЖҮН — «жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, сен элең го бир кезекте эзилген» (Жусуп). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук, саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук, бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз, ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат. Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар. Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл чык жүн өтүмдүү болот.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжүк
Көптүк санжүктөр
Синонимдери
түйшүк
салмак
багаж
Байланыштуу сөздөр
жүктүү
жууркан
оордук
Жөндөлүшү - "жүк"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жүк
Илик Кимдин? Эмненин?жүктүн
Барыш Кимге? Эмнеге?жүккө
Табыш Кимди? Эмнени?жүктү
Жатыш Кимде? Эмнеде?жүктө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жүктөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жүктөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жүктөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жүктөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жүктөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жүктөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жүктөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: