|
Жүк ташып жеткирүү келишими
|
|
ЖҮК ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ КЕЛИШИМИ – ташып жеткирүү келишимдеринин бир түрү, ал боюнча ташуучу өзүнө жүк жөнөтүүчү ишенип берген жүктү тийешелүү жерине жеткирип, аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга (алуучуга), а жүк жөнөтүүчү жүктү ташып жеткиргендиги үчүн белгиленген каражатты төлөөгө милдеттенген келишим. Ж. т. к-н түзүү коштом кагазын (коносаментти же тийешелүү унаа уставында же кодексте каралган башка жүк документин) толтуруу жана жүк жөнөтүүчүгө берүү менен бышыкталат. Жүк ташуучу менен жүк ээси (үзгүлтүксүз жүк ташуу зарыл болгондо) жүк ташууну уюштуруунун узак мөөнөттүү келишимин түзө алышат.
|