Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: тантырлык жамандоо лясы Частный жилищный фонд таранчы сымалдуу чымчыктардын Спортивные секции и клубы жгусь чакыруу кагазы экзамен Биржевой комитет (совет) электрондук почта каттоо эсеби Стрелоух белобрюхий жарака поп сыйкырла соединение бөлмө doktorluk at АТТЕСТАТ терезе
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ЖҮК
     

    ЖҮК

     
    «Алган жарым Көксулуу, Алдын карап жүк жыйдың, Артын карап үй тиктиң» (Жеңижок). Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк, жаздык. Жүк жыюу мурун негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу кара терме, кажары терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем же таар же сайма жабат.
          Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз-келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн.
           ЖҮН — «жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, сен элең го бир кезекте эзилген» (Жусуп). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук, саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук, бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз, ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат. Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар. Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл чык жүн өтүмдүү болот.

    Жүк

     
    ЖҮК – жүк ташуу тартиби боюнча ташып берүүчү тарабынан кабыл алынып, КР мыйзамдарында каралгандай өз маалында, чыпчыргасын коротпостон жеткирүү милдетин ташып берүүчү тарап алган жүк ташуу объектиси (буюмдар, баалуу заттар, кенбайлыктар, товарлар ж. б.).

    жүк

     
    жүк, жүгү, жүккө
    жүк автоунаасы
    жүк агымы
    жүктүн бажы декларациясы
    жүк жабуу
    жүк жыюу (этн.)
    жүк көрсөтөр
    жүк көтөргүч
    жүк салгыч
    жүксүз

    жүк

     
    зат.. 1. Ташыла турган, бир жерден экинчи жерге жеткириле турган нерселер, буюмдар, таңылчактар. Чоко жүгүн артып жөнөп калды (Жантөшев). Кээ бир вагондордон жүк көтөргөн кишилер да түшө баштады (Абдукаримов)). Жеринен оогон жүктү жолдон оңой албайт (макал)). Жүктү нар көтөрөт, азапты эр көтөрөт (макал).
    1. 2.           Оордук, түйшүк, мээнет. Мага жүгүңдү артпай, өзүңчө оокатыңды кылсаң боло («Чалкан»)). Ата-энесине жүк болбой, кайра аларды бага турган маалы келди, эми алардын жүгүн жеңилдетүүнү да ойго алсын («Ала-Тоо»).
    2. 3.           Үйдүн ичинде түрмөктөлүп, биринин үстүнө бири коюлган жууркан-төшөк. Анархан жүктүн бурчунда жаткан куржунга кол сала баштады (Жантөшев).

    ¨ Кызыл жүк — колхоз-совхоздор мамлекетке дан тапшырганда аштык жүктөлгөн ар кандай унаалардын тобу. Кызыл жүк кетти чиркешип, Заводду көздөй баштанып (Бөкөнбаев). Ашка жүк, башка жүк — эч пайдасы жок, колунан эчтеме келбеген, эчтеме таба албаган, аяк бошотор.
    Негизги мүнөздөмөлөрү
    Сөз түркүмүЗат атооч
    Жекелик санжүк
    Көптүк санжүктөр
    Синонимдери
    түйшүк
    салмак
    багаж
    Байланыштуу сөздөр
    жүктүү
    жууркан
    оордук
    Жөндөлүшү - "жүк"
    Жекелик сан
    ЖөндөмөлөрЖекелик сан
    Атооч Ким? Эмне?жүк
    Илик Кимдин? Эмненин?жүктүн
    Барыш Кимге? Эмнеге?жүккө
    Табыш Кимди? Эмнени?жүктү
    Жатыш Кимде? Эмнеде?жүктө
    Чыгыш Кимде? Эмнеде?жүктөн
    Көптүк сан
    ЖөндөмөлөрКөптүк сан
    Атооч Кимдер? Эмнелер?жүктөр
    Илик Кимдердин? Эмнелердин?жүктөрдүн
    Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жүктөргө
    Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жүктөрдү
    Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жүктөрдө
    Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жүктөрдөн

    Найти все переводы слова "ЖҮК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖҮК"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru