-
алды
-
такт.1. Бир нерсенин, заттын маңдай жагы, багыт алган жагы, бет алып турган жакын айланасы. Бир чыныны ороп келип, Мыскалдын алдына койду (Сыдыкбеков). Кинонун алды азан-казан эл (Баялинов). Акбар атанын эшик алдын күрөдү (Убукеев). - 2. Эң мыктысы. Ырыс алды — ынтымак (макал). [Салиманы].. кыздардын алды дебесем да, бир экөөнүн кийинкиси деп айтууга болот (Абдукаримов).
- 3. Биринчи, биринчи катарда. Көч алдында Күлайым, Алтымыш катын кошчусу («Эр Төштүк»).
- 4. Бир нерсенин асты, төмөнкү жагы, ички тарабы, үстүнө карама-каршы жагы. Ышкынаалы аттардын алдын тазалап жаткан (Байтемиров).
- 5. Минип тургандыгын же түшүп турган транспортту белгилөө үчүн колдонулат. Алдында буурул койкоюп, Көк жеке бутта чойкоюп («Семетей»).
- 6. Карамагында экендигин, тиешелүү же таандык экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Мектептин алдындагы куурчак театры деген сөзгө көпчүлүк балдар дале түшүнүшпөй жүрөт (Таштемиров).
- 7. Мурдараак, кандайдыр бир кубулуш, окуя ж.б. болордон, башталуудан мурда. Таң алдында таттуу соккон тоо жели, Жаш кыялды терметишет мендеги (Турусбеков).
♦ Алды менен — а дегенде, биринчи иретте, ириде. Алды менен өзүңө ишенимдүү кишилерге таян, акырындап эмгекчилерди өзүңө тарт (Жантөшев). Алдына чыгуу — биринчи болуу. Комуз кагуу жагынан Токтордун кызы Гүлайымдын алдына чыккан киши болбоду (Абдукаримов). Алдынан өтүү — кандайдыр бир иш жөнүндө алдын ала эскертип коюу, билдирүү, же кандайдыр бир өтүнүч менен кайрылуу. Алды-артын карабай — кийин жагын, келечегин ойлонбой, тобокелге салып. Алдыңан кетейин же алдыңа кетейин — баланы эркелеткенде колдонулат. Көз алдына келтирүү — элестетүү, эсине түшүрүү. Ээк алдында к. ээк. Кол алдында болуу к. кол. Алдын ала — мурун, мурдатан, күн мурунтан. Камынып жаткан Коңурдун Алдын ала барсам дейм («Семетей»).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | алды |
Множ. число | алдылар |
Склонение по падежам - "алды"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | алды |
Родительный Чей? | алдынын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алдыга |
Винительный Кого?, Что? | алдыны |
Местный Где?, У кого? | алдыда |
Исходный Где?, У кого? | алдыдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | алдылар |
Родительный Чьи? | алдылардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алдыларга |
Винительный Кого?, Что? | алдыларды |
Местный Где?, У кого? | алдыларда |
Исходный Откуда?, От кого? | алдылардан |
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
- алдыда
- алдыдагы
- алдыдан
- алдым
- алдын ала
- Алдын ала авторизациялоо
- Алдын ала төлөнгөн карт
- Алдын алатөлөнгөн карт
- Алдынала акцепт
- Алдынала аткарымдар
- Алдынала камакка алуу
- Алдынала келишим
- Алдынала ойлонулган кудуретсиздик
- Алдынала тергөө
- Алдынала үлүшпайда
- Алдынала чаралар
- алдында
- алдынча
- алдынчалык
- алдыңкы
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
алды