|
алды
|
|
такт.1. Бир нерсенин, заттын маңдай жагы, багыт алган жагы, бет алып турган жакын айланасы. Бир чыныны ороп келип, Мыскалдын алдына койду (Сыдыкбеков). Кинонун алды азан-казан эл (Баялинов). Акбар атанын эшик алдын күрөдү (Убукеев).
- 2. Эң мыктысы. Ырыс алды — ынтымак (макал). [Салиманы].. кыздардын алды дебесем да, бир экөөнүн кийинкиси деп айтууга болот (Абдукаримов).
- 3. Биринчи, биринчи катарда. Көч алдында Күлайым, Алтымыш катын кошчусу («Эр Төштүк»).
- 4. Бир нерсенин асты, төмөнкү жагы, ички тарабы, үстүнө карама-каршы жагы. Ышкынаалы аттардын алдын тазалап жаткан (Байтемиров).
- 5. Минип тургандыгын же түшүп турган транспортту белгилөө үчүн колдонулат. Алдында буурул койкоюп, Көк жеке бутта чойкоюп («Семетей»).
- 6. Карамагында экендигин, тиешелүү же таандык экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Мектептин алдындагы куурчак театры деген сөзгө көпчүлүк балдар дале түшүнүшпөй жүрөт (Таштемиров).
- 7. Мурдараак, кандайдыр бир кубулуш, окуя ж.б. болордон, башталуудан мурда. Таң алдында таттуу соккон тоо жели, Жаш кыялды терметишет мендеги (Турусбеков).
♦ Алды менен — а дегенде, биринчи иретте, ириде. Алды менен өзүңө ишенимдүү кишилерге таян, акырындап эмгекчилерди өзүңө тарт (Жантөшев). Алдына чыгуу — биринчи болуу. Комуз кагуу жагынан Токтордун кызы Гүлайымдын алдына чыккан киши болбоду (Абдукаримов). Алдынан өтүү — кандайдыр бир иш жөнүндө алдын ала эскертип коюу, билдирүү, же кандайдыр бир өтүнүч менен кайрылуу. Алды-артын карабай — кийин жагын, келечегин ойлонбой, тобокелге салып. Алдыңан кетейин же алдыңа кетейин — баланы эркелеткенде колдонулат. Көз алдына келтирүү — элестетүү, эсине түшүрүү. Ээк алдында к. ээк. Кол алдында болуу к. кол. Алдын ала — мурун, мурдатан, күн мурунтан. Камынып жаткан Коңурдун Алдын ала барсам дейм («Семетей»).
|