|
Алдынала камакка алуу
|
|
АЛДЫНАЛА КАМАККА АЛУУ – кылмыш-жаза процессинде тыюу салуу чарасы катары камакка алуу (камоо). Мыйзамда 3 жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган кылмыш жасаган айыпталуучуга карата көзөмөлгө алуучу прокурордун санкциясы аркылуу тергөөчүнүн, прокурордун токтому менен колдонулат. Өзгөчө учурларда бул чектөө чарасы мыйзамда 1 жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган кылмыштар боюнча да колдонулушу мүмкүн. Эреже катары, камакта кармоо мөөнөтү сот тарабынан жаза мөөнөтүнө эсепке алынат.
|