Меню
Эл-Сөздүк

Мүлк

МҮЛК – 1) баарыдан мурда жактын (жеке адамдын жана юридикалык жактын), мамлекеттин же муниципиалдык түзүлүштүн менчигинде турган, же уюмдун чарба жүгүртүүсүнө же ыкчам башкаруусуна таандык буюмдардын жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы. М. курамына ошондой эле акча жана баалуу кагаздар да кирет; 2) башка жактардан буюм (актив ) же мүлктүк канагаттануу алууга буюм жана мүлктүк укуктарынын жыйындысы; 3) алардын алып жүрүүчүсүнүн мүлктүк абалын (актив жана пассив) мүнөздөөчү буюмдардын, мүлктүк укук жана милдеттердин жыйындысы.

мүлк

мүлк (мүлүк эмес)
мүлк каттоо (экон.)

мүлк

зат. 1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Байлык, кенч. Манас [эпосу] баарыбызга орток.. элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Аалы). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: