Меню
Эл-Сөздүк

Мүлктү эсепке алуу тизмеси

МҮЛКТҮ ЭСЕПКЕ АЛУУ ТИЗМЕСИ – аткаруучу документтер боюнча мүлктү өндүрүүнү камсыз кылуу актысы; сот аткаруучулары же мүлктү камакка алуу укугу берилген башка жактар тарабынан түзүлөт. Эсепке алуу тизмесине мүлк өндүрүп алуучуга бериле турган сумманы жана ошого байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон өлчөмдө киргизилет. Эсепке алуу тизмесине мыйзам жүзүндө өндүрүп алууга чегерүү болушу мүмкүн болбогон буюмдар, м.: үй ичиндеги жагдайдын зарыл эмеректери киргизилбейт. М. э. а. т. карызкордун көзалдында жана калыс күбөлөрдүн, зарыл болгон учурларда ички иштер органдарынын катышуусу менен түзүлөт. Карызкор жок болгон шарттарда эсепке алуу тизмеси анын үйбүлө мүчөлөрүнүн ичинен жашы жеткен бирөөнүн көзалдында, уюмдун жооптуу кызматкеринин, ал адамдар жок болгон учурда – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын өкүлүнүн көз алдында түзүлөт. М. э. а. т. жөнүндө актыга сот аткаруучусу жана мүлктү эсепке алуу үчүн каттоого катышкан адамдар кол коюшат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: