|
элек
|
|
I зат. Эң майда нерселерди (мис., ун, талканды) элөө, суюктуктарды чыпкалоо үчүн көбүнчө кылдан, ичке сымдан токулган, тегерек алкагы бар үй буючу. Унду элек менен элеп жатты.
♦Электен өтүү — сыноодон, текшерүүдөн, кыйынчылыктардан өтүү. Сасыкбай далай электен өткөн киши (Байтемиров).
ЭЛЕК II бөл. Этиш сөзгө кошулуп айтылып, иштин али чечилбегендигин, кыймыл аракеттин толук аяктала электигин көрсөтүү үчүн колдонулат. Кыпчактардын Солтобай, Кыз ала элек кайындап («Олжобай менен Кишимжан). Ал бара элек. Иш бүтө элек.
|