Меню
Эл-Сөздүк

ЭЛЕК

«Ак кайыштай чоюлтуп, Карскан ийген элекке» (Калык). Торунан ун, талкан жана башка майда нерселерди өткөрүүчү буюм. Анын жердиги жыгач жана кылдан турат. Кыл тегерек алкакка (карсканга) бекитилип жасалат. Элек кээде чыпка катары да колдонулат. Кыл электин майдасын «торко элек» дейт. Мунун «сүзгү элек», «чыпка элек» деген түрлөрү бар.
      Мында чебер оболу карсканын (алкагын) ийип алат да, аттын туу куйругун жулуп алып, учун түйүп өткөрүп, экинчи жагын да ошентет. Антип төрт тарабынан кылды керип алып, анан ийнеге аттын кылын өткөрүп, чатыраш кылып отурат. Ошондо ийне кылдын артынан жана үстүнөн алмак-салмак өтүп турат. Алкактын чети болсо эчкинин жаргагы менен жээктелет.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санэлек
Көптүк санэлектер
Байланыштуу сөздөр
элекчи
Жөндөлүшү - "элек"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?элек
Илик Кимдин? Эмненин?электин
Барыш Кимге? Эмнеге?элекке
Табыш Кимди? Эмнени?электи
Жатыш Кимде? Эмнеде?электе
Чыгыш Кимде? Эмнеде?электен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?электер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?электердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?электерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?электерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?электерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?электерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: