«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө сырт жагына кайрылат. Кыздардын кызыл манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылат да, шуру, бермет тизилип, ал асыл заттар менен кооздолот. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ чачыктан «чок» тагылат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ТЕБЕТЕЙ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
0Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 8 х 0? Ответ:
Отправить
зат. Кыруусуна көрпө же ан. терилери (түлкү, суусар, кундуз ж.б. териси) салынып тигилген жылуу баш кийим. Эски түлкү тебетейин кырдантып, Оңдоп кийип мандаш урду Акынбай (Аалы). Бир тутам үкү тагынган, кундуз тебетей кийген Атабектин кызы Кылымкан (Жантөшев).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как тебетей
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
2Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 - 7? Ответ:
Отправить