Меню
Эл-Сөздүк

тебетей

1. шапка мужская;
тебетейин кырданта кийди он надел шапку набекрень;
тебетей кийген
1) надевший шапку;
2) перен. мужчина;
тебетей кийгендер, аттан! мужчины, по коням!;
тебетей кийгендин намысы мужская честь;
тебетейиңер бар эмеспи? вы же (как-никак) мужчины!;
тебетей ээси пренебр. мужичонка (только зовётся мужчиной);
кундуз тебетей шапка (девичья) с выдровой опушкой;
тебетейчен кыз девушка в шапке с выдровой опушкой;
жапма тебетей тяньш., тоголок тебетей южн. то же, что малакай;
2. уст. шапка власть имущего, предъявлявшаяся посыльным в доказательство того, что он явился от начальства (это практиковалось и в первые послереволюционные годы);
кызыл тебетей ист.
1) красная шапка (признак ханского достоинства; при возведении на ханство на голову возводимого надевалась красная шапка, его сажали на белый войлок и троекратно поднимали; у киргизов этот термин появился в конце сороковых годов XIX столетия);
2) (иносказательно) хан;
тебетейин көккө ыргытып восторженно, с великой радостью;
бирөөнүн тебетейин бирөөгө кийгизүү устраивать всякие комбинации;
тебетей салды то же, что этек какты (см. этек).

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө сырт жагына кайрылат.
      Кыздардын кызыл манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылат да, шуру, бермет тизилип, ал асыл заттар менен кооздолот. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ чачыктан «чок» тагылат.

тебетей

тебетей (тебетай эмес)
тебетейин кийиштирүү
тебетейин көккө ыргытуу

тебетей

зат. Кыруусуна көрпө же ан. терилери (түлкү, суусар, кундуз ж.б. териси) салынып тигилген жылуу баш кийим. Эски түлкү тебетейин кырдантып, Оңдоп кийип мандаш урду Акынбай (Аалы). Бир тутам үкү тагынган, кундуз тебетей кийген Атабектин кызы Кылымкан (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сантебетей
Көптүк сантебетейлер
Синонимдери
тумак
Жөндөлүшү - "тебетей"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?тебетей
Илик Кимдин? Эмненин?тебетейдин
Барыш Кимге? Эмнеге?тебетейге
Табыш Кимди? Эмнени?тебетейди
Жатыш Кимде? Эмнеде?тебетейде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?тебетейден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?тебетейлер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?тебетейлердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?тебетейлерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?тебетейлерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?тебетейлерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?тебетейлерден

Котормолордун мисалдары: тебетей

Кыргызча Орусча
тебетей; кепка;

Котормолордун мисалдары: тебетей

Кыргызча Англисче
тебетей; cap;

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: