Menü
Эл-Сөздүк

ТАЛКУУ

терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот.
      Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып берип турат. Экинчи. адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп ыйкайт. Чеберлер бир метрдей аштама жыгачтан да ачалуу талкуу жасап, жеке адам өзү эле ага терини коюп, тизелери менен кайышты алмак-салмак басып да ийлейт.
      Чеберлер тери былпылдабыраак болгон чакта талкууга коет. Катуу кургаган тери талкууга келбей сынып калат. Табы менен талкууга түшкөн чылгый терини эки күнчө басуу керек. Баш-аягы он күндө ийге кирген кайышты чеберлер тилет да, ат жабдыктарынын бөлүктөрүн өрө баштайт.

талкуу

талкуу (пикир алышуу)

талкуу

талкуу (курал)

талкуу

зат. 1. Тери ийлөөгө ылайыкталып жасалган курал.
2. өт. Кандайдыр бир иш, маселе боюнча көпчүлүктүн пикирин, ойлорун сунуштарын угуу, ишке баа берүү ж.б. максаттар үчүн өткөрүлгөн жыйналыш. Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). Отургандар Атабектин арызын талкууга ала башташты (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоталкуу
Множ. числоталкуулар
Склонение по падежам - "талкуу"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?талкуу
Родительный Чей?талкуунун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?талкууга
Винительный Кого?, Что?талкууну
Местный Где?, У кого?талкууда
Исходный Где?, У кого?талкуудан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?талкуулар
Родительный Чьи?талкуулардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?талкууларга
Винительный Кого?, Что?талкууларды
Местный Где?, У кого?талкууларда
Исходный Откуда?, От кого?талкуулардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: