Меню
Эл-Сөздүк

ТАЛКУУ

терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот.
      Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып берип турат. Экинчи. адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп ыйкайт. Чеберлер бир метрдей аштама жыгачтан да ачалуу талкуу жасап, жеке адам өзү эле ага терини коюп, тизелери менен кайышты алмак-салмак басып да ийлейт.
      Чеберлер тери былпылдабыраак болгон чакта талкууга коет. Катуу кургаган тери талкууга келбей сынып калат. Табы менен талкууга түшкөн чылгый терини эки күнчө басуу керек. Баш-аягы он күндө ийге кирген кайышты чеберлер тилет да, ат жабдыктарынын бөлүктөрүн өрө баштайт.

талкуу

талкуу (пикир алышуу)

талкуу

талкуу (курал)

талкуу

зат. 1. Тери ийлөөгө ылайыкталып жасалган курал.
2. өт. Кандайдыр бир иш, маселе боюнча көпчүлүктүн пикирин, ойлорун сунуштарын угуу, ишке баа берүү ж.б. максаттар үчүн өткөрүлгөн жыйналыш. Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). Отургандар Атабектин арызын талкууга ала башташты (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санталкуу
Көптүк санталкуулар
Жөндөлүшү - "талкуу"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?талкуу
Илик Кимдин? Эмненин?талкуунун
Барыш Кимге? Эмнеге?талкууга
Табыш Кимди? Эмнени?талкууну
Жатыш Кимде? Эмнеде?талкууда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?талкуудан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?талкуулар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?талкуулардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?талкууларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?талкууларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?талкууларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?талкуулардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: