Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАЙЫШ
 

КАЙЫШ

 
«Сылап-сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү» (Тоголок Молдо). Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга, тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү боо, камчы өңдүүлөрдүн бөлүктөрү бүтүндөй териден турат. Үй жыгачтарын көктөөдө, чарык, кепич, маасы сыяктуу бут кийимдерин тигүүдө, кур, бычакка кын кылууда жана башка буюмдарды кармоодо кайыш керек.
      Кайыш жасоодо «терини жыдытуу», «терини малмага салуу», «терини ашатуу», «терини талкууга алуу» өңдүү ыкмалар колдонулат. (Булар китепке өзүнчө термин болуп түшүүдө.)
      Кайыш «ак кайыш», «күдөрү кайыш» деп эки түргө бөлүнөт да, муну жасоо аракеттери бири-биринен айырмаланат. Айрым чеберлер кайыш өрүмдөрү үчүн кунаажындын терисин тандашат. Өгүздүн териси өрүмгө анча жарабайт. Мунун өркөчү менен соорусу калың, калган жерлери жука болот да, тилими бирдей түшпөйт. «Эки эли кайыш кур менен, Досунун белин курчады» (Осмонкул).

кайыш-

 
кайыш- (бирге тигишүү)

кайыш-

 
кайыш- (ийилүү)

кайыш

 
кайыш (булгаары)

кайыш

 
I зат.. Жүнү жыдытылып ийленген малдын териси. Кара болот ооздук, Кайышы мыкты жүгөндүү («Эр Төштүк»). [Кычан].. кайыш тизгинди.. тутамдап кармап, күлүңдөдү (Бейшеналиев).
¨ Бел кайыш атты арабага чеккенде белиндеги ээрчесинин үстүнөн алып жан жыгачка байлануучу кайыш боо. Аттарынын каамыт, дого, бел кайыштарын түзөтүп жатат («САЖИ»). Жон кайыш — шлеянын бир бөлүгү. Жонунан кайыш тилүү же жонунан кайыш алуу — абдан жазалоо, кыйноо, сабоо. Жоо бекинсе сырт жакка, Жонунан кайыш. тилейин («Эр Табылды»). Жонунан кайыш алыш керек (Турусбеков). Тасма кайыш — узун кылып тилинген ичке кайыш. Чыгарып тасма кайыш канжыгамды, чырмадым карыштыра оозун таңып (Осмонкул). Чылгый кайыш — ашаткыга салынбаган, ийленбеген чийки кайыш.
КАЙЫШ II этиш. I. Ийилүү, ийрейүү, майышуу. Кайышып эрке желге кыштак багы, Эңилет мөмө бышар кырчын шагы (Абдукаримов). Кайыңды көрсөм конормун, Кайышпай кайың көтөрсө, Как ошо жерде болормун («Манас»).
  1. 2.                  Кыйналуу, жанга батуу. Кайышып жаным оору болсо дагы, Соодоймун башкаларга билинбеймин (Шимеев). Каяша кылар чама жок, Кайышып турат элибиз (Аалы).
  2. 3.                  Бирөөгө жаны ачуу, жаны кейүү. Кайышпагын Искендер, Камалып турса калың эл (Турусбеков).
  3. 4.                  өт. Карышуу, көгөрүү, тырышуу, өжөрлөнүү. Кайышып болбой койду.

¨ Кабыргасы кайышуу к. кабырга.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокайыш
Множ. числокайыштар
Склонение по падежам - "кайыш"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кайыш
Родительный Чей?кайыштын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кайышка
Винительный Кого?, Что?кайышты
Местный Где?, У кого?кайышта
Исходный Где?, У кого?кайыштан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кайыштар
Родительный Чьи?кайыштардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кайыштарга
Винительный Кого?, Что?кайыштарды
Местный Где?, У кого?кайыштарда
Исходный Откуда?, От кого?кайыштардан

Найти все переводы слова "КАЙЫШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАЙЫШ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru