Menü
Эл-Сөздүк

кайыш

I зат.. Жүнү жыдытылып ийленген малдын териси. Кара болот ооздук, Кайышы мыкты жүгөндүү («Эр Төштүк»). [Кычан].. кайыш тизгинди.. тутамдап кармап, күлүңдөдү (Бейшеналиев).
¨ Бел кайыш атты арабага чеккенде белиндеги ээрчесинин үстүнөн алып жан жыгачка байлануучу кайыш боо. Аттарынын каамыт, дого, бел кайыштарын түзөтүп жатат («САЖИ»). Жон кайыш — шлеянын бир бөлүгү. Жонунан кайыш тилүү же жонунан кайыш алуу — абдан жазалоо, кыйноо, сабоо. Жоо бекинсе сырт жакка, Жонунан кайыш. тилейин («Эр Табылды»). Жонунан кайыш алыш керек (Турусбеков). Тасма кайыш — узун кылып тилинген ичке кайыш. Чыгарып тасма кайыш канжыгамды, чырмадым карыштыра оозун таңып (Осмонкул). Чылгый кайыш — ашаткыга салынбаган, ийленбеген чийки кайыш.
КАЙЫШ II этиш. I. Ийилүү, ийрейүү, майышуу. Кайышып эрке желге кыштак багы, Эңилет мөмө бышар кырчын шагы (Абдукаримов). Кайыңды көрсөм конормун, Кайышпай кайың көтөрсө, Как ошо жерде болормун («Манас»).
  1. 2.                  Кыйналуу, жанга батуу. Кайышып жаным оору болсо дагы, Соодоймун башкаларга билинбеймин (Шимеев). Каяша кылар чама жок, Кайышып турат элибиз (Аалы).
  2. 3.                  Бирөөгө жаны ачуу, жаны кейүү. Кайышпагын Искендер, Камалып турса калың эл (Турусбеков).
  3. 4.                  өт. Карышуу, көгөрүү, тырышуу, өжөрлөнүү. Кайышып болбой койду.

¨ Кабыргасы кайышуу к. кабырга.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокайыш
Множ. числокайыштар
Склонение по падежам - "кайыш"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кайыш
Родительный Чей?кайыштын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кайышка
Винительный Кого?, Что?кайышты
Местный Где?, У кого?кайышта
Исходный Где?, У кого?кайыштан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кайыштар
Родительный Чьи?кайыштардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кайыштарга
Винительный Кого?, Что?кайыштарды
Местный Где?, У кого?кайыштарда
Исходный Откуда?, От кого?кайыштардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: