Меню
Эл-Сөздүк

өт

өт (зат а.)
өт айдама дарылар
өт баштыгы
өт бөлүү, агуу (мед.)
өт жолдору (мед.)
өт кислотасы (мед.)
өт пайда болуу (мед.)
өт пигменттери
өт таштары (мед.)
өт түтүгү
өт түтүгү бүтөлгөндөгү
сарык (мед.)
өт түтүгүнүн фистуласы,
тешиги
өт ыйлаакчасынын венасы
өттүн таш оорусу
өттүн токтоп калышы

өт-

өт-, өттү
өтүп-кетиш
өтүп кетүү

өт

I зат. 1. Боор бөлүп чыгаруучу саргыч жашыл түстөгү ачуу суюктук. Бул кымыздын ичинде: үч тамчы ак кажырдын өтү бар (Жантөшев).
2. өт. Курч, өткүр, шамдагай. Өт жигит.
ӨТ II этиш. 1. Бир жерден экинчи бир жакка басуу, үстүнөн басып, экинчи тарабынан чыгуу. — Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга өтүңүз (Сыдыкбеков). Көп жылкыны чубатып, Көсөр калмак өткүчө Артынан жөө барамын («Эр Табылды»).
2. Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынак алганда бүтүп калган абалда болуу. Кезегимдин өткөнүн Сйлоно калдым бүгүн мен («Курманбек»). Арадан бир жыл өттү. Бир саат өттү.
3. Батып кетүү, катуу басып бата түшүү. Таманынан таш өтүп, Маңдайынан тер кетип («Манас»). Аркан өтүп сыздаган бели оор жүктү.. таштагандай жеңилди (Аалы).
4. Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү. Асыл булбул Токоңо Айдоонун даты көп өткөн (Токтогул). Жүрөгүм мокоп калыптыр, Кудайназар как баштын Кордугу өтүп ашынып («Эр Табылды»).
5. Кесип, тешип же көзөп кетүү. Кылычтаса, Төштүккө өтпөгүдөй кыларда («Эр Төштүк»). Жүрөгүн тешип өтсөм Аткан октой (Барпы).
6. Сиңүү, таралуу. Кадыры элге бөтөнчө Өткөн жигит жакшы экен (Барпы).
7. Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу. Туугандан өтөт десеңкой бак, душмандан өтөм десеңаштык бак (макал).
8. Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү. Тез өткөн товарлар. Базарга саткан алмалары бат эле өтүп кетти.
9. өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү. Өзүң жок, өрнөгүң бар, ишиң тирүү, Арадан ата Ленин өткөн менен (Үсөнбаев). Ажал жетсе амалсыз, Биз да бир күн өтөбүз (Токтогул).
Дүйнөдөн өтүү — каза болуу, жашоодон кетүү, өлүү. Бейли жумшак кебезден, Бул дагы өттү дүйнөдөн (Токтогул). Ичи өтүү — ичи бузулуу, чычкактоо. Каса нан жеп, ич өтүп, Далай адам өлүштү (Токтогул). Көзү өтүү к. көз. Алдынан өтүү — кечирим суроо, күнөөсүн мойнуна алуу , жөн-жайын айтып түшүндүрүү. Өтө чабуу — аша чабуу, ашкере кетүү. Чымчып өтүү — какшык, кычаштык сөз айтуу. Сөзү өтүү — бирөөнү сөзгө келтирүү, тил алдыруу. Тах өтүү к. так III.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санөт
Көптүк санөттөр
Синонимдери
бар
атта
Байланыштуу сөздөр
аттоо
баруу
секирүү
жетүү
өтүү
боор
Жөндөлүшү - "өт"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?өт
Илик Кимдин? Эмненин?өттүн
Барыш Кимге? Эмнеге?өткө
Табыш Кимди? Эмнени?өттү
Жатыш Кимде? Эмнеде?өттө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?өттөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?өттөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?өттөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?өттөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?өттөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?өттөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?өттөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: