ТАБАК |
Тайпак табакты «желпүүр табак» деп да коет. Аны менен агышак, таруу өңдүү дандардын кебегин учурат. Табактын айлана четине 2—3 сызык (кеште) түшүрүлгөн. Бул «кырбу» же «кобул» деп аталат. Жыгач табактын чуңкуру 6—12 см, дм и 20—20 см болуп, түбү кууш жана тегерек келип, турмушта урунуп жүрүүгө бул укмуштай шартташкан. Кээде аны илеген (тарелка табак) деп да коёбуз. Мунун да оозу кенен, түбү кичине келет. Анын бир нече формалары бар. Тарелка табак, илеген табак, тайпак табак жалпысынан окшош көрүнгөнү менен чеберлер бири-бирине айырмалуу кармашкан. Булардын үч төрт жеринде «кеште» түшөт. «Миске чара» — табактын иштүүсү. Кештелеринен тышкары оозу чыгат. Ал жайпак түспөлүн берип турат. Айрым усталар кол дүкөн колдонбойт. Чот, керки, бычак, ийги сымал жөнөкөй куралдарды ыңгайына карай пайдалануу аркылуу бүткөргөн табактарын көбүнчө талдан тандашат. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Анын жарылган ыгы менен конот. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идиш-аяктын калыбы кийинчерээк анча өзөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң табигый жолуна келет. Өрүктү иштетүүдө да ушул ыкманы эске алуу зарыл. Идиштин сөлөкөтүн келтирген чакта кайнатып, заттын сары суусу менен чыгарып алат. Бул болсо такыр чирибейт, урунууга бышык болот. |
табак |
табак-аяк |
табак |
|
табак |
♦ Табак түп — эт жегенде табактын түбүндө калган кешик. ТАБАК II: басма табак к. басма II. |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | табак |
Көптүк сан | табактар |
Жөндөлүшү - "табак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | табак |
Илик Кимдин? Эмненин? | табактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | табакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | табакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | табакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | табактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | табактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | табактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | табактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | табактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | табактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | табактардан |
Найти все переводы слова "табак" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "табак"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
табак