Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ТАБАК
  • табак
  • табакта-
  • табактай
  • табакташ
  • табактуу
  • табакча
  • табакчы
 

ТАБАК

 
«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат. Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө айлананы элестетет. Бул кырмачылык өнөрү менен так жана таза бүткөндүгүн аныктайт.
      Тайпак табакты «желпүүр табак» деп да коет. Аны менен агышак, таруу өңдүү дандардын кебегин учурат. Табактын айлана четине 2—3 сызык (кеште) түшүрүлгөн.
      Бул «кырбу» же «кобул» деп аталат. Жыгач табактын чуңкуру 6—12 см, дм и 20—20 см болуп, түбү кууш жана тегерек келип, турмушта урунуп жүрүүгө бул укмуштай шартташкан. Кээде аны илеген (тарелка табак) деп да коёбуз. Мунун да оозу кенен, түбү кичине келет. Анын бир нече формалары бар. Тарелка табак, илеген табак, тайпак табак жалпысынан окшош көрүнгөнү менен чеберлер бири-бирине айырмалуу кармашкан. Булардын үч төрт жеринде «кеште» түшөт.
      «Миске чара» — табактын иштүүсү. Кештелеринен тышкары оозу чыгат. Ал жайпак түспөлүн берип турат.
      Айрым усталар кол дүкөн колдонбойт. Чот, керки, бычак, ийги сымал жөнөкөй куралдарды ыңгайына карай пайдалануу аркылуу бүткөргөн табактарын көбүнчө талдан тандашат. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Анын жарылган ыгы менен конот. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идиш-аяктын калыбы кийинчерээк анча өзөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң табигый жолуна келет. Өрүктү иштетүүдө да ушул ыкманы эске алуу зарыл. Идиштин сөлөкөтүн келтирген чакта кайнатып, заттын сары суусу менен чыгарып алат. Бул болсо такыр чирибейт, урунууга бышык болот.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотабак
Множ. числотабактар
Синонимы
табакча
идиш
Связанные слова
табакта
табакташ
Склонение по падежам - "табак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?табак
Родительный Чей?табактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?табакка
Винительный Кого?, Что?табакты
Местный Где?, У кого?табакта
Исходный Где?, У кого?табактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?табактар
Родительный Чьи?табактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?табактарга
Винительный Кого?, Что?табактарды
Местный Где?, У кого?табактарда
Исходный Откуда?, От кого?табактардан

Получить все переводы слова - "ТАБАК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ТАБАК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ТАБАК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru