Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - сөөк
 

СӨӨК

 
зергерчиликтин жердиги. Көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү негизи. Ага малдын (төө, уй, топоз, жылкы, кой-эчки, кайберендердин (бугу, тоо теке, кулжа) сөөгү пайдаланылат.

сөөк

 
сөөк, сөөгү, сөөккө

сөөк

 
зат. 1. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин* бөлүктөрун түзүүчү катуу зат. Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү.
  1. 2.                  Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү.
  2. 3.                  Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»).
  3. 4.                  Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Аалы). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашырда катышты (Сасыкбаев).
  4. 5.                  Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу.

Сөөгү агаруу — 1) семирүү, эттенүү; эс алуу, тыныгуу. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар («Семетей»).. Атыңды жайлоого чыгарып, сөөгүн агартып ал; 2) ыраазы болуу. Сөөгүм силерден агарды. Сөөктөн өтүү; сөөккө батуу — жанга батуу, көкөйгө тийүү, көңүлү калуу. Сай-сөөгүсыздоо — кейүү, кейиште калуу, күйүнүү. Сөөк өчтүү — эскиден бери кас, жылдызы каршы, өчү бар. Ак сөөк — аристократ, теги, ата-бабасы «жогорку» таптан болгон, жөнөкөй, карапайым элден аристократтыгы жагынан өзгөчөлөнгөн. Ыргыткан сөөк: башына тийбеген — түгү жок, жакырланган, каңгырап бош калган, сандалган, арып-ачкан. Сөөгүн сөпөт кылуу к. сөпөт. Сөөгүнө сиңүү — адат, өнөкөт болуп калуу. Омор байыртан сөөгүнө сиңген адаттарын таштай элек (Сыдыкбеков).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сансөөк
Көптүк сансөөктөр
Синонимдери
куймулчак
жилик
Байланыштуу сөздөр
сөөктө
каржилик
сөөкчүлүк
Жөндөлүшү - "сөөк"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?сөөк
Илик Кимдин? Эмненин?сөөктүн
Барыш Кимге? Эмнеге?сөөккө
Табыш Кимди? Эмнени?сөөктү
Жатыш Кимде? Эмнеде?сөөктө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?сөөктөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?сөөктөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?сөөктөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?сөөктөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?сөөктөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?сөөктөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?сөөктөрдөн

Найти все переводы слова "сөөк" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "сөөк"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru