Найдены по другим направлениям
-
СҮЗМӨ
-
(Жүзмө) — Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн» бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка чабылган «кош солондору» болот. Куюшкандык кайыш «кошунду» аркылуу биригет. Ат -жабдыктарынын бул бөлүгү да өтө зергерчиликте шөкөттөлөт. Темирге күмүш жалатуу менен күмүш сүзмө чабылган. Азыр чеберлер жез, мис, калай, сүзмөлөрдү жасап, ат жабдыктарын ошону менен шөкөттөп, кайыш беттерин зерчелеп жатышат.
-
сүзмө
-
-
сүзмө
-
зат. Айрандан, жуураттан сүзүп (суусун сарыктырып) алынган азык жана анын сууга эзилгендегиси. Жан аякка суу алып, сүзмөдөн чаңыт эзишти (Жантөшев). Муздак сүзмө жутасыңбы? — деди бир келин (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | сүзмө |
Көптүк сан | сүзмөлөр |
Жөндөлүшү - "сүзмө"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | сүзмө |
Илик Кимдин? Эмненин? | сүзмөнүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | сүзмөгө |
Табыш Кимди? Эмнени? | сүзмөнү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | сүзмөдө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | сүзмөдөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | сүзмөлөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | сүзмөлөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | сүзмөлөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | сүзмөлөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | сүзмөлөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | сүзмөлөрдөн |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сүзмө