Меню
Эл-Сөздүк

сор

этиш. 1. Тил менен эриндердин аракети аркылуу ичти карай катуу кысып оп тартуу, эмүү, шимүү. Бала упчусун чоп-чоп соруп, мемиреп уктап да калды (Сасыкбаев). Ийип турат ак эмчек, Балкылдатып сор, балам! (Токобаев). Папиросун кайра-кайра соруп, колунан түшүрбөйт («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Жутуу, ичүү. Чегирткенин алын көр да, канын сор (макал). Чиркейи да чагат, Көгөнү да кан сорот (Аалы).
  2. 3.                  Суюктукту (мис., сууну) сиңирип алуу, боюна тартуу. Топурак сууну тез соруп алат. Сыя соро турган соргуч кагаз.

Канын соруу — аябай эзүү, запкы көрсөтүп, ырайымсыздык кылуу. Эшен, калпа, бай-манап Элдин канын соргонун (Токтогул). Тиштин кирин соруу к. кир I.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: