-
ит
-
зат.1. Сүт эмүүчүлөрдүн тукумуна кирүүчү үй айбандарынын бири. Үй турмушунда ит сакчылык, короочулук милдетти аткарат (Сыдыкбеков). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов). - 2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
- 3. Жаман көргөндүгүн билдиргенде, тилдегенде колдонулуучу сөз. Култебер ит уялбай, Жалынып жашы төгүлдү («Мендирман»).
¨ Ит мурун — карагандын бир түрү. Ит тартыш — аркан тартышмай, аркан тартышкан оюн. Ит арка — ынтымаксыз, ыркы жок. [Таякем] кечээ биздикине келип кетти: «Активдерибиз ит арка», — дейт (Сыдыкбеков). Итке минип калуу — бардыгынан ажырап калуу, абдан жарды, томаяк болуп калуу. Ит балдак — чабак уруунун сууда, сүзүүнүн бир түрү. Ит аяк к. аяк II. Ит жыгылыш — даана жыкпай, улам бир-бирин жыгуу; ким жыгылгандыгы ачык болбой калгандык.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | ит |
Көптүк сан | иттер |
Жөндөлүшү - "ит"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | ит |
Илик Кимдин? Эмненин? | иттин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | итке |
Табыш Кимди? Эмнени? | итти |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | итте |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | иттен |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | иттер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | иттердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | иттерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | иттерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | иттерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | иттерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ит