-
ит
-
1. собака (общее название);
уятты кайдан ит билет! (о бессовестном человеке) где уже собаке знать стыд!;
айтканымды иттин үргөнүнчөлүк көрбөдү на мои слова он не обратил никакого внимаиия (букв. Сказанное мною он не воспринял даже как собачий лай);
эшикте үрүп чыккан ити жок никакой животины нет у него (букв. во дворе у него нет лающей собаки);
ит бир күн бок жебесе, башы ооруйт погов. груб. (о пакостнике) если собака день не поест дерьма, у неё голова болит;
үйү жакын иттин куйругу узун (или чагарак) погов. дома и стены помогают (букв. у собаки, дом которой близко, хвост длинный или кольцом; см. чагарак);
итчесинен как собака, по-собачьи;
2. год собаки (см. жыл I 2);
3. перен. бран. свинья;
ит тартыш этн. состязание в силе, состоящее в перетягивании друг друга верёвкой (двое на некотором расстоянии садятся спиной друг к другу, захлестнув верёвку на грудь, и тянут, каждый в свою сторону);
ит жыгылыш борьба с переменным успехом (то один падает, то другой);
ит урушу бой или драка рывками (когда стороны то сходятся, то расходятся, но не смешиваются);
бул сөзүңдү ит уксун, ит укпаса ким уксун! фольк. не тебе бы говорить, да не мне бы слушать (букв. эти слова твои пусть пёс слушает, если не пёс, так кто же будет слушать!);
иттин кара капталынан до чёрта, хоть отбавляй;
акчасы - иттин кара капталынан у него денег куры не клюют;
ит терисинен жек көрөм ненавижу всеми фибрами души (букв. отношусь хуже, чем к собачьей шкуре);
ал экөөбүз - сен ит, мен итке келишип калдык мы с ним здорово поцапались (поругались);
сен ит, мен итке барышып дойдя до грубых взаимных оскорблений;
"сен ит, мен итти" коюңарчы! бросьте вы собачиться! (оскорблять друг друга, переругиваться);
иттин баласы бран. сукин сын;
ит жандуу живучий (букв. с собачьей душой);
ит өлгөн жерге чейин сени менен бирге барам я до конца с тобой, я с тобой до последнего издыхания;
ит өлүк кыл- осрамить, опозорить;
ит жалатмай "собачье лакание" (детская забава: налив в мелкую тарелку немного жидкой пищи или воды, заставляют лакать);
итке минип качышты они бежали пешими и без какого-либо имущества;
итке мингендер ирон. голь перекатная;
итке мингиз- разорить, довести до нищеты; ободрать как липку (напр. обыграть в азартную игру);
ит жегир! (о пище, питье) пусть тебя собака (а не я) ест или пьёт!;
ит жегирдин көмөчү! чтоб ей, этой лепёшке! (её есть невозможно);
ит ичкирдин тамагы! да разве это пища!;
ит ичкир! презр. (о спиртном напитке) пусть собака пьёт!;
иттин уулу Байкарага деле берет дают кому следует и кому не следует; дают кому попало, бери сколько хочешь;
ит кубар киши легкомысленный, непостоянный человек;
муну мен сокур ит бок жалагыча иштеп саламын груб. я это в два счёта сделаю;
иттин мурду өткүс (о лесе, зарослях) непроходимый, дремучий;
оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты он изругал, разнёс на все корки;
ит-куш волки;
"ит-куш" деп, кыргыз бөрүнү айтат киргизы "ит-куш" называют волка;
ит-куш да, бөрү да - карышкырдын аты и ит-куш, и бөрү - названия волка;
ит-куштан мал аманбы? нет ли урона от волков?
тоодо нт-куш көп, койлорун кырдырып коёт в горах много волков, они (пастухи) стравят овец;
ит арка раздоры, разлад;
ит балдак способ плавания;
иттин мурдунан түшкөндөй как с цепи сорвался (букв. как из собачьего носа вывалился);
ит мурун или южн. ит мурут шиповник;
ит болдум! ит болдум! шуточное подражание крику перепела (соотв. рус. "спать пора!" или "пить пойдём!");
ит оорусу см. оору I;
иттин этин жегизип см. жегиз-;
ит аяк см. аяк II;
ит балык см. балык;
ит чабак см. чабак;
ит сийгек см. сийгек.
-
ит
-
зат.1. Сүт эмүүчүлөрдүн тукумуна кирүүчү үй айбандарынын бири. Үй турмушунда ит сакчылык, короочулук милдетти аткарат (Сыдыкбеков). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов). - 2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
- 3. Жаман көргөндүгүн билдиргенде, тилдегенде колдонулуучу сөз. Култебер ит уялбай, Жалынып жашы төгүлдү («Мендирман»).
¨ Ит мурун — карагандын бир түрү. Ит тартыш — аркан тартышмай, аркан тартышкан оюн. Ит арка — ынтымаксыз, ыркы жок. [Таякем] кечээ биздикине келип кетти: «Активдерибиз ит арка», — дейт (Сыдыкбеков). Итке минип калуу — бардыгынан ажырап калуу, абдан жарды, томаяк болуп калуу. Ит балдак — чабак уруунун сууда, сүзүүнүн бир түрү. Ит аяк к. аяк II. Ит жыгылыш — даана жыкпай, улам бир-бирин жыгуу; ким жыгылгандыгы ачык болбой калгандык.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
- Ит — үрөт, эр — кечирет.
- ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ
- ит алма
- Ит арабанын астында журуп, «арабаны мен тарттым» дейт
- ит арка
- ит аяк
- ит багуучулук
- ит балдак
- ит балык
- ит балык
- ит болуу
- ит жаак
- Ит жадаса — үрөт, киши жадаса — күлөт.
- ит жалагандай
- ит жалак
- Ит жалдаган суу кечпейт.
- ит жандуу
- ит жарганат
- ит жатак
- ит жебеген бокту жешүү
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ит