Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - баатыр
 

БААТЫР

 
БААТЫР (иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Б-дыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Б-дыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Б-дык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Б-лык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Б-лык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген эр уулдар эле эмес, жоокер аял каармандар да:
Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Тиштээрине таш таппай,
Кесээрине баш таппай,
Сары конуш бел таппай
Сайыша турган эр таппай (Сагымбай Орозбаков, 2. 65) бук болуп турат.

Жоокерчилик доордун шартына ылайык эрдик менен эл багып, атак-даңк, абройго ээ болгон Б-лар тынч турмушта бекер тура алышпайт. Манас жана анын чоролору «эр семирип бук болуп, ат семирип нык болду» делип тулпарлар кыймылсыз куру семирип, эр жигиттер кылар иши жок зериккен учурларында чатыраш ойноп, ордо атып чер жазышат, же ууга чыгып, ит агытып, куш салып, мергенчилик кылып бош убактыларын көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок эпостун башкы темасы сырткы баскынчы душманга каршы күрөш болгондуктан элдик Б-лар тынч турмушка караганда согуш аракетинде көбүрөөк
сүрөттөлөт. Жоокерлик салтка ылайык Б-лардын согушту самап турушу түрк-моңгол эпосторунун көпчүлүгүндө кезиге турган туруктуу мотивдерден. «Манаста» оң каармандардын образын терең, кенен ачууда жана артык сапаттарын айрыкча аларга карама-каршы коюлган терс каармандар алынган. Алардын да жоо саяр Б-лары, тоо бузар балбандары бар. Чексиз кара күч эпостогу негизги каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык же Б-дык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, Жолойду күчсүз, же Коңурбайды Б. эмес деп эч ким айта албайт. Бирок, алар моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат. Эпикалык салгылашуунун жүрүшүндөгү чечүүчү учурда уруш салтын бузуп качуу, же митайымдык кылуу душман Б-лары үчүн мүнөздүү көрүнүш болсо, кыргыз жоокерлеринин мүнөзүндөгү жетектөөчү белги эр жүрөктүүлүк, тайманбастык. Эпосто элдик баатырларды кас душмандары да жогору баалашат. Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырат, анын айтуусу боюнча Манаска «ок өтпөйт», «отто күйбөйт», «сууда чөкпөйт», «аны жеңиш кыйын». Калмактардын Акунбешим канынын кыргыздар кандай жоо экен деген суроосуна калмак аярынын жообунда эч тоскоолдукту билбес, жоодон жалтанбас шаңдуу жоокерлердин, душмандары үчүн сүрдүү күчтүн элесин — Б. элдин мүнөздөмөсү берилет. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салуу кыргыз жоокерлери үчүн адаттагы көрүнүш. Ал ошон үчүн Б. Б-лык аркасында гана эл өзүнүн элдигин сактап келди. Ошон үчүн «Манас» үчилтигинин идеялык мазмунун түзгөн адилет күрөш жана жеңиш менен шыктанган кыргыз Б-ларынын милдети — элди коргоо «эл четинде, жоо бетинде» туруу.
С. Алиев

баатыр

 
баатыр
баатыр шаар
баатыр эне

баатыр

 
зат. 1. Эр, каарман, жүрөктүү. Үйдө баатыр, жоодо жок (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (Жантөшев).
2. Урматтоо, кайрылуу иретинде колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр (Сыдыкбеков). Анда Төштүк муну айтат: Көнөйүн, баатыр, көнөйүн («Эр Төштүк»).
Баатыр сүйлөө — чоң сүйлөө, өкүм сүйлөө, мактануу. Советтер Союзунун Баатыры — өзгөчө каармандыгы, эрдиги үчүн СССРде берилүүчү ардактуу наам. Социалисттик Эмгектин Баатыры — эл чарбачылыгында, илим, маданият майданында көрсөткөн эң жогорку жетишкендиктери үчүн СССРде берилүучу ардактуу наам. Баатыр эне — СССРде ондон кем эмес баланы тарбиялап өстүргөн энеге берилүүчү ардактуу наам.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санбаатыр
Көптүк санбаатырлар
Синонимдери
эр
Антонимдери
коркок
Байланыштуу сөздөр
баатырдуу
баатырдык
балбан
күчтүү
Жөндөлүшү - "баатыр"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?баатыр
Илик Кимдин? Эмненин?баатырдын
Барыш Кимге? Эмнеге?баатырга
Табыш Кимди? Эмнени?баатырды
Жатыш Кимде? Эмнеде?баатырда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?баатырдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?баатырлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?баатырлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?баатырларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?баатырларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?баатырларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?баатырлардан

Найти все переводы слова "баатыр" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "баатыр"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru