Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - баатыр
 

баатыр

 
1. богатырь, храбрец; герой (также офиц.);
сактаса, элдин көрку баатырда фольк. украшение народа - герой, который охраняет его, не допуская врага;
үйдө баатыр, жоодо жок погов. дома храбрец, а на войне его нет; молодец на овец, а на молодца и сам овца;
баатыр кыз девушка-героиня;
Советтер Союзунун Баатыры Герой Советского Союза;
Социалисттик Эмгектин Баатыры Герой Социалистического Труда;
"Баатыр Эне" "Мать-героиня" (почётное ввание);
баатырларча или баатырча геройски,
келтирбей жоодон героически; героический;
баатырларча күрөш героическая борьба;
баатырларча курман болду он геройски погиб;
баатырча эрдик көрсөтүп, төшүңө орден тагып кел! фольк. прояви храбрость и геройство и возвратись с орденом на груди!;
2. ист. батыр (предводитель военной дружины, прославившийся своей храбростью или военным искусством; обычно свою деятельность батыр начинал с угона чужого скота, что считалось молодечеством; батыры в народе делились на шесть категорий:
1) адамдын шери батыр, удаль которого не знает предела и который не считается с опасностью;
2) кара көк баатыр или көк жал баатыр батыр, не оставляющий поле боя даже при тяжёлом ранении (подвязывающий переломленную руку к шее, ногу - в торока);
3) илекор баатыр батыр, ловкий на военные хитрости;
4) жеке баатыр батыр, отправляющийся на угон коней один, без товарищей;
5) ээрчиме баатыр батыр, идущий в бой или на угон коней, только глядя на других;
6) опсуз баатыр батыр, безрассудно бросающийся на врага и обычно попадающий в плен);
баатыр жарасыз болбос погов. батыра без ран не бывает;
баатыр башы военачальник, которому подчинялись тысяцкие;
3. форма обращения, иногда шутливая, к парню, к мальчику;
ай, баатыр, ишке бир жарадың да! ой, парень, хорошо ты сделал!;
баатыр кашка один из видов беркута;
баатыр кашка деген бар - томогосун тартканда, көз жетпес жерден жутунат фольк. (беркут) баатыр кашка когда с него снимают колпачок (см. томого), видит (добычу) на недосягаемом (человеческому) глазу расстоянии.

баатыр

 
  • богатырь
  • герой
  • храбрец
  • баатыр

     
    hero

    БААТЫР

     
    БААТЫР (иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Б-дыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Б-дыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Б-дык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Б-лык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Б-лык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген эр уулдар эле эмес, жоокер аял каармандар да:
    Урунаарга тоо таппай,
    Урушаарга жоо таппай,
    Тиштээрине таш таппай,
    Кесээрине баш таппай,
    Сары конуш бел таппай
    Сайыша турган эр таппай (Сагымбай Орозбаков, 2. 65) бук болуп турат.

    Жоокерчилик доордун шартына ылайык эрдик менен эл багып, атак-даңк, абройго ээ болгон Б-лар тынч турмушта бекер тура алышпайт. Манас жана анын чоролору «эр семирип бук болуп, ат семирип нык болду» делип тулпарлар кыймылсыз куру семирип, эр жигиттер кылар иши жок зериккен учурларында чатыраш ойноп, ордо атып чер жазышат, же ууга чыгып, ит агытып, куш салып, мергенчилик кылып бош убактыларын көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок эпостун башкы темасы сырткы баскынчы душманга каршы күрөш болгондуктан элдик Б-лар тынч турмушка караганда согуш аракетинде көбүрөөк
    сүрөттөлөт. Жоокерлик салтка ылайык Б-лардын согушту самап турушу түрк-моңгол эпосторунун көпчүлүгүндө кезиге турган туруктуу мотивдерден. «Манаста» оң каармандардын образын терең, кенен ачууда жана артык сапаттарын айрыкча аларга карама-каршы коюлган терс каармандар алынган. Алардын да жоо саяр Б-лары, тоо бузар балбандары бар. Чексиз кара күч эпостогу негизги каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык же Б-дык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, Жолойду күчсүз, же Коңурбайды Б. эмес деп эч ким айта албайт. Бирок, алар моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат. Эпикалык салгылашуунун жүрүшүндөгү чечүүчү учурда уруш салтын бузуп качуу, же митайымдык кылуу душман Б-лары үчүн мүнөздүү көрүнүш болсо, кыргыз жоокерлеринин мүнөзүндөгү жетектөөчү белги эр жүрөктүүлүк, тайманбастык. Эпосто элдик баатырларды кас душмандары да жогору баалашат. Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырат, анын айтуусу боюнча Манаска «ок өтпөйт», «отто күйбөйт», «сууда чөкпөйт», «аны жеңиш кыйын». Калмактардын Акунбешим канынын кыргыздар кандай жоо экен деген суроосуна калмак аярынын жообунда эч тоскоолдукту билбес, жоодон жалтанбас шаңдуу жоокерлердин, душмандары үчүн сүрдүү күчтүн элесин — Б. элдин мүнөздөмөсү берилет. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салуу кыргыз жоокерлери үчүн адаттагы көрүнүш. Ал ошон үчүн Б. Б-лык аркасында гана эл өзүнүн элдигин сактап келди. Ошон үчүн «Манас» үчилтигинин идеялык мазмунун түзгөн адилет күрөш жана жеңиш менен шыктанган кыргыз Б-ларынын милдети — элди коргоо «эл четинде, жоо бетинде» туруу.
    С. Алиев

    баатыр

     
    hero [‘хиэроу]

    баатыр

     
    [baatır]
    yiğit, kahraman, alp

    баатыр

     
    bahadır.

    баатыр

     
    I batır , bahadır.

    баатыр

     
    баатыр
    баатыр шаар
    баатыр эне

    баатыр

     
    зат. 1. Эр, каарман, жүрөктүү. Үйдө баатыр, жоодо жок (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (Жантөшев).
    2. Урматтоо, кайрылуу иретинде колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр (Сыдыкбеков). Анда Төштүк муну айтат: Көнөйүн, баатыр, көнөйүн («Эр Төштүк»).
    Баатыр сүйлөө — чоң сүйлөө, өкүм сүйлөө, мактануу. Советтер Союзунун Баатыры — өзгөчө каармандыгы, эрдиги үчүн СССРде берилүүчү ардактуу наам. Социалисттик Эмгектин Баатыры — эл чарбачылыгында, илим, маданият майданында көрсөткөн эң жогорку жетишкендиктери үчүн СССРде берилүучу ардактуу наам. Баатыр эне — СССРде ондон кем эмес баланы тарбиялап өстүргөн энеге берилүүчү ардактуу наам.
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числобаатыр
    Множ. числобаатырлар
    Синонимы
    эр
    Антонимы
    коркок
    Склонение по падежам - "баатыр"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?баатыр
    Родительный Чей?баатырдын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баатырга
    Винительный Кого?, Что?баатырды
    Местный Где?, У кого?баатырда
    Исходный Где?, У кого?баатырдан
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?баатырлар
    Родительный Чьи?баатырлардын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баатырларга
    Винительный Кого?, Что?баатырларды
    Местный Где?, У кого?баатырларда
    Исходный Откуда?, От кого?баатырлардан


    Хотите добавить свой перевод для слово: "баатыр"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru