Menu
Эл-Сөздүк

баатыр

зат. 1. Эр, каарман, жүрөктүү. Үйдө баатыр, жоодо жок (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (Жантөшев).
2. Урматтоо, кайрылуу иретинде колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр (Сыдыкбеков). Анда Төштүк муну айтат: Көнөйүн, баатыр, көнөйүн («Эр Төштүк»).
Баатыр сүйлөө — чоң сүйлөө, өкүм сүйлөө, мактануу. Советтер Союзунун Баатыры — өзгөчө каармандыгы, эрдиги үчүн СССРде берилүүчү ардактуу наам. Социалисттик Эмгектин Баатыры — эл чарбачылыгында, илим, маданият майданында көрсөткөн эң жогорку жетишкендиктери үчүн СССРде берилүучу ардактуу наам. Баатыр эне — СССРде ондон кем эмес баланы тарбиялап өстүргөн энеге берилүүчү ардактуу наам.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобаатыр
Множ. числобаатырлар
Синонимы
эр
Антонимы
коркок
Склонение по падежам - "баатыр"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?баатыр
Родительный Чей?баатырдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баатырга
Винительный Кого?, Что?баатырды
Местный Где?, У кого?баатырда
Исходный Где?, У кого?баатырдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?баатырлар
Родительный Чьи?баатырлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баатырларга
Винительный Кого?, Что?баатырларды
Местный Где?, У кого?баатырларда
Исходный Откуда?, От кого?баатырлардан

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: