Меню
Эл-Сөздүк

аяз

зат. 1. Таза, тунук, ачык. Аяз көк. Аяздын көркү музда бар, Алгырдын көркү кушта бар (Токтогул).
2. Бетти тызылдаткан катуу суук, ызгаар. Бийик чокулардан соккон ызгаардуу аяз чыкылдап, бети-башты жалап жуктайт (Абдумомунов).
Темир аяз — чыкылдаган ызгаардуу, абдан катуу суук. — Асман айнектей болуп, жылдыз жаркырап, темир аяз болуп турган экен го? (Жантөшев). Мүйүз аяз — темир аязга караганда басаңыраак суук. Кийиз аяз — анчалык катуу эмес суук. Аяз ата — жомоктордо: ак тон кийинген ак сакалдуу абышка катарында элестетилген сууктун элеси. Келди кошо кычырап Аяз ата ак сакал (Үмөталиев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санаяз
Көптүк санаяздар
Жөндөлүшү - "аяз"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?аяз
Илик Кимдин? Эмненин?аяздын
Барыш Кимге? Эмнеге?аязга
Табыш Кимди? Эмнени?аязды
Жатыш Кимде? Эмнеде?аязда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?аяздан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?аяздар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?аяздардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?аяздарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?аяздарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?аяздарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аяздардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: