Меню
Эл-Сөздүк

аяз

зат. 1. Таза, тунук, ачык. Аяз көк. Аяздын көркү музда бар, Алгырдын көркү кушта бар (Токтогул).
2. Бетти тызылдаткан катуу суук, ызгаар. Бийик чокулардан соккон ызгаардуу аяз чыкылдап, бети-башты жалап жуктайт (Абдумомунов).
Темир аяз — чыкылдаган ызгаардуу, абдан катуу суук. — Асман айнектей болуп, жылдыз жаркырап, темир аяз болуп турган экен го? (Жантөшев). Мүйүз аяз — темир аязга караганда басаңыраак суук. Кийиз аяз — анчалык катуу эмес суук. Аяз ата — жомоктордо: ак тон кийинген ак сакалдуу абышка катарында элестетилген сууктун элеси. Келди кошо кычырап Аяз ата ак сакал (Үмөталиев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: